Жакынкы убактарда эле Ош шаарында «Восток» уколоочулардын коомдук бирикмеси түзүлүп кардарларын кубантып иш алып барып жаткан кездери.
Бул тууралуу бирикменин «Восток Азия» массаж окутуу борборунун жетекчиси, «Восток» укалоочулар ассоциациясынын негиздөөчүсү Дурусбек Эрнусбек уулу менен “Экономика” гезити маек курдук. Дурусбек кошумчалагандай, ассоциация республикалык болгондуктан акырындык менен аймактардагы массажисттердин башы биригип, тыгыз кызматташып иш алып барышмакчы.
–Дурусбек, алгач өзүң тууралуу кененирээк маалымат бере кетсең…
–Мен азыр жыйырма жети жаштамын. Ош облусунун Кара-Кулжа районунда жарык дүйнөгө келгем. Азыр бактылуу үй-бүлөнүн кожойуну, бир уул бир кыздын атасымын. Массаж жасоого бала кезимден кызыгуум бар эле. Бир күнү апамдын бели ооруп калып жакшылап укалап бердим. Менин массажга болгон кызыгуумду байкаган апам борбор калаабыздагы “Император каган” мектебине жөнөттү. Ал жерден чекит массажын окуп үйрөндүм. Андан соң Москвада “Массажистерди даярдоо жана өнүктүрүү” ассоциациасынын президенти тренерим Влад Мельниктен жакшы сабак алдым. Кийин Кытайдын Пекин шаарында иглотерапия, Чекит массажы, Гуаши ж.б массаждар дары чөптөр менен дарылоо боюнча сабак алдым. Пекин жана Шанхайда ооруканаларда практикада болуп кайттым.
–Кыргызстанда массажисттер ассоциациясы жокко эсе. Бул идея кайдан келди. Кантип уюштуруп калдыңар?
–Билимимди тереңдетип туруу үчүн ар кандай тренер, семинарларга, курстарга катышып турууга кызыгам. Бирок биздин өлкөдө мындай билим алууга мүмкүнчүлүк жок. Керектүү семинар, тренингдер деле өтүлбөйт. Ошондон улам бул идея менде жаралды. Массажисттердин биригип, ассоциация болуп түзүлүшү Кыргызстанда алгачкы жолу болууда. Биздин бирикменин негизги максаты мындан ары массажисттер бири-бирибизге тажрыйба алмашып, жаңыдан бул кесипти аркалаган жаштарга колдоо көрсөтүп чебер-класстарды, тренингдерди, окууларды, ар кандай сынактарды өткөрүп турмакчыбыз. Кайрымдуулук иштеринен дагы четте калбай, эртеңден тарта карыялар үйүнө барып, акысыз массаж жасамакчыбыз.
–Ассоциация тууралуу кенен токтолуп айтып берсен..
–Ассоциациянын максаты эле семинар теренингдерди тез-тез өткөрүп, жаштарга, жаңыдан иш баштаган массажисттерге андан ары иш алып кетүүгө көмөктөшүү. Биздин ассоциация түзүлгөнүнө аз эле убакыт болгонуна карабай бир топ сабактарды өткөрүүгө жетиштик. Азыр кудайга шүгүр. Кесиптештерибиз укалоочулар ассоциациясынын тузүлүшүн кубануу менен кабыл алып, ар бир аймакта семинар тренингдерди өткөрүп туруубузду суранышууда. Буйруса жакынкы аралыкта Жалал-Абад, Баткен облустарын кыдырып окууларыбызды өткөрүп, 10-майда биздин ассоциациянын түзүлгөнүнүн бир жылдыгына карата Ош шаарында мыкты массажисттердин башын бириктирип форум өткөрүп , массажисттер чемпионатын да өткөрсөк деген жакшы максатыбыз бар.
–Кардарлар кандай кабыл алышууда?
–Биздин кардарлардын көпчүлүгү жашы өтүп калган, улгайып калган адамдар. Остеохондроз, муун оорулары, уйкусуздук, стресс, депрессия менен жабыркагандар кайрылышат. Биздеги алтын ийне , чекит массажы, ж.б массаж түрлөрү, көнүгүүлөр менен дарыланып, дартка дабаа таап сакайып кетишүүдө. Бизге дарыгердин көзөмөлүнөн соң, дарыгердин көрсөтмөсү менен кайрылышат. Айрым учурда кезек күттүрүп ыңгайсыздык жаралып калат. Андыктан алдын ала жазылып келүүнү сунуштаар элек. Жакындарын же ооруканаларда, жеке менчик ооруканаларда укалоочу болууну каалаган 18жаштан жогорку курактагы адамдар менен иштешүүгө даярбыз. Бизден билим алган укалоочулар эл аралык сертификаттарга ээ болуп, ар тарапта ийгиликтүү иш алып барып жаткан кездери.
–Иши жок бош жүргөн, ишкерликке кызыгып, бирок баштай албай жүргөн жаштарга кандай кеңеш бересиң?
–Баардык кен байлыктар мүмкүнчүлүктөр тоскоолдуктун артында катылып жатат. Анча- мынча чечкинсиздиктен өзүбүздө катылып жаткан таланттын, мүмкүнчүлүктүн көзүн ачпай же ийгилик жарата албай кейиштүү өмүр кечире беребиз. Сууга тосмо койсон, бир аз убакыт токтойт да анан ашып ташып буркан шаркан түшүп агылып жөнөйт. Биз да катылып, токтолуп турган талант мүмкүнчүлүктөрдү ачып кыргыз эли үчүн кызмат кылышыбыз керек. Меймандос, кең пейил кыргыз эли ак эмгек, адал иш менен жакынкы он жыл аралыгыда өлкө экономикасын көтөрүп, гүлдөп өскөн өлкөгө айланабыз деген ишеничтемин.
Жамиля Нурманбетова