Мындай сүйлөшүүлөр КРнын Премьер-министри Сапар Исаков менен БАЭ Вице-президенти, Премьер-министри, Дубайдын башкаруучусу Мухаммед бин Рашид Аль-Мактум менен Дубай шаарындагыӨкмөттөрдүн дүйнөлүк алтынчы саммитине катышуу алкагында жолугушуу учурунда болду.
Дубайдын башкаруучусу Мухаммед бин Рашид Аль-Мактум «Акылдуу шаар» долбоорун ишке ашырууда тажрыйба алмашууга даярдыгын билдирди. Анын айтымында, заманбап шарттарда ар бир мамлекет санариптик чакырыктарга даяр болуусу керек.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын жана эл аралык санариптик күн тартиптин актуалдуу маселелери талкууланды. Эске сала кетсек, азыр өлкөдө “Таза коом” программасын ишке ашыруу иштери жүрүүдө. Анда мамлекетти жогорку технология аркылуу өнүктүрүүнү каралган.