• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Дотациялык райондордо өндүрүш ачылса алар салыктардын бир топ түрлөрүнөн бошотулат

dsc02148

👁 1,043

Бүгүн, 8 – июнда «Өнүгүү-Прогресс» парламенттик фракциясынын кезектеги жыйыны Ош шаарында өтүүдө. Бул жолку көчмө жыйындын кароосунда бир гана маселе. Ал — Кыргыз Республикасынын Президентинин “2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндөгү” жарлыгынын алкагында “Аймактарда жаңы жумуш орундарын түзүү” аракеттери. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.

Жыйынды фракция лидери Бакыт Төрөбаев ачып, областтарда жумуш орундарын түзүүдө МТС, “Жарык шаар” долбоорлору үлгү боло ала турагандыгын белгиледи.

КР Өкмөт өкүлү Данияр Иманалиев баяндама жасап, “2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгынын жана “2018–2022-жылдар мезгилине Кыргызстандын региондук саясатынын Концепциясын ишке ашыруу боюнча иш чаралардын планын тааныштырды.

«Айыл чарбаcын каржылоо – 5» долбоорунун негизинде дыйкан – фермерлердин 15 миң товар өндүрүүчүсүнө жеңилдетилген кредиттер берилген. Кыргыз –орус өнүктүрүү фондусу аркылуу 276 млн. долларга долбоорлор даярдалды. Коммерциялык банктар эгер ушул жумуш орундарын түзүүгө катышса, өз портфелинин 50% каражатын жумшасын деген сунуштар каралууда. Кепилдик фонду аркылуу да 446 млн. сомдук каржылоо иштери жүргүзүлөт. Бирок, күрөө маселеси бир аз түйшүктү жаратууда. Кредиттердин пайыздык өлчөмүн 6%га чейин төмөндөтүү жактары да пландалууда, — дейт Д.Иманалиев.

Баяндамада айтылгандай, 363 ар кандай айыл чарба техникалары лизингдик шартта берилген. Кооперативдерге да колдоо көрсөтүлүп, логистикалык борборлорго жана машина – трактордук станцияларга олуттуу көңүл бурулууда. «Дотациялык райондордо өндүрүш ачылса алар 5 жылдан 10 жылга чейинки мөөнөткө жер, мүлк жана киреше салыктарынан бошотулат. Технополис түзүүгө да өзүнчө жер бөлүнүп берилген», — деди өкмөттүн атынан баяндама жасаган өкүл.

Көчмө жыйындын ишине депутаттар Б.Төрөбаев, З.Жамалдинов, А.Жунус уулу, А.Узакбаев, Т.Шайназаров жана өкмөт өкүлдөрү менен Ош, Жалал — Абад жана Баткен областтарынан келген жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен ишкерлер тобу катышууда.
Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости