• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

«Достук» бекетин кеңейтүү үчүн мамлекет 35 турак жайды сатып алды

img_20180303_124119_247

👁 650

Кыргыз-өзбек чек арасындагы “Достук” өткөрүү пункту кеңейтилет. Бул тууралуу вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев 3-мартта аталган пункттагы абалды текшерүү үчүн барганда билдирди.

Анын айтымында, кеңейтүү иштерин жүргүзүү үчүн мамлекет ошол жерге жакын жайгашкан 35 турак жайды сатып алган:

— Дагы үч турак жай боюнча соттук териштирүүлөр жүрүүдө. Сатылып алынган турак жайлардын орду «Достук» көзөмөл-өткөрүү бекетин жаӊылоо жана кеңейтүү үчүн пайдаланылат.

Андан тышкары жолду кеңейтүү маселеси да каралууда. Жол жээгиндеги үйлөр жана башка курулуштардын мыйзамдуулугун аныктоо тапшырмасы жергиликтүү бийликке жүктөлгөн.

Кенекеев барган учурда Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев учурда паспорт көзөмөлү 10 кабинада жүрүп жатканын, бүгүн дагы төрт кабина кошуларын билдирди. Чек арачылардын санын көбөйтүү маселеси да каралып жатканы маалымдалды.

«Достуктан» ары-бери каттап, жүк өткөргөндөрдүн саны февралда кескин өсүп, күн сайын тыгын жаралууда.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасы 2005-жылы март жана Анжиян окуяларынан кийин жабылып, каттоо кыйындаган. 2010-жылкы июнь коогасынан кийин чек арадан өтүш үчүн телеграмма, чакыруу сыяктуу кошумча документтер талап кылына баштаган. 2017-жылдын сентябрь айында кыргыз-өзбек “Достук” чек ара бекетинде эки тарапка өтүүнүн жол-жобосу жеңилдетилген.
Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости