Кремлден эки лидер АКШ менен Орусиянын кызматташтыгынын азыркы абалын жана келечегин, андан тышкары эл аралык проблемаларды талкуулай турганын билдиришкен.
Трамп менен Путин болсо буга чейин былтыр июлда «Чоң жыйырманын» Германиядагы жыйынында, ал эми ноябрда Вьетнамда APEC уюмунун саммитинде кездешкен. Бирок АКШ президентинин кызматына Трамп киришкенден бери Вашингтон менен Москва жогорку деңгээлде эки тараптуу, толук жарамдуу сүйлөшүү өткөрө элек.