Нефтинин баасы баррелине 20 долларга чейин төмөндөшү мүмкүн. Сом үчүн бул 74–79 доллар, 2016-жылы 68–69 болчу. Эгерде нефтиге болгон баа төмөндөсө, банктардын алдында карыздары бар нефть компаниялары жабыркайт. Эгерде алар карыздарын кайтара албаса банктарда дагы маселелер жаралат.
Кадимки нефтиге салыштырмалуу сланецтин артыкчылыктары бар. Баалар төмөндөгөндө сланец нефтисин казуучулар өндүрүштү токтотуп, баанын жогорулашын күтүшөт. Ал эми жөнөкөй нефтини казуу иштерин токтотуп коюу кыйын, себеби аны тоңдурууга мүмкүн эмес. Алар казылып жаткан жерди жаап салуу менен гана сактана алышат.
Ошондуктан күзгө чейин доллардын курсу 79 сомго чейин жетиши ыктымал. Бирок нефть саясий инструмент экенин жана экономикалык абал ага көп таасир бербесин айта кетели.
Нефти рыногундагы абалдын өнүгүүсү менен улуттук валютага таасирин тийгизе турган 3 сценарий бар. Базалык сценарийге карата 2017-жылы нефтинин баасы баррелине 55 доллар болот, анда сомдун курсу жылдын акырына 70–70,5ке жетет, 2018-жылы нефть 57 доллар болот, америкалык валютада болсо сом 71,77ге чыгат.
Пессимисттик сценарийде болсо бул жылы нефтинин баасы 49 долларга түшөт, 1 доллар болсо 72,7 сомго чыгат, 2018-жылы нефть 47 долларга чейин арзандайт, 1 доллар болсо 73,62 сомго көтөрүлөт.
Кандай болгон күндө дагы нефть доллардын курсун аныктарын кыргызстандыктар билиши керек. ОПЭКтин макулдашуусуна ылайык, 2017-жылдын 3-кварталынын акырына чейин бир нече өлкөлөр дагы нефтини казууну азайтуу тууралуу макулдашууга кошулушат. Бул эмнеге алып келерин жана эмне үчүн жасалып жатканын ЭКОНОМИКА буга чейин жазган.