Кыргызстанда доллардын курсу арзандады. Апта башында 30 тыйынга түшкөнү байкалган.
Бүгүнкү күндө акча алмаштыруу жайлары жана коммерциялык банктар 1 долларды 68 сом, 25 тыйын, 68 сом 45 тыйындан сатып алып, 68 сом 65 тыйын, 68 сом 80 тыйындан сатышууда.
Учурдагы номиналдык курс 68 сом, 6956 тыйынды түзүүдө. Бир сутка ичинде 0,93 пайызга арзандаган.
Белгилей кетсек, АКШ долларынын курсу өткөн жумадан тарта түшө баштаган. Январь айынын ортосунда 90 тыйынга төмөндөгөн.
Доллардын катарында евронун курсу да арзандап жатат. Алсак, 1 евро бүгүнкү күндө 83 сом 30 тыйын-83 сом, 70 тыйындан сатылып, 84 сом 85 тыйындан сатылууда. Эки жума аралыгында евронун курсу 1 сомго түшүп кеткен. Ал эми орус рублинин курсу 1 сом 24 тыйын болуп өзгөрүүсүз сакталууда.