Президенттин кеңешчиси Дастан Догоев бүгүн, 28-июнда “Жаңы Кыргызстан-2018” деп аталган эл аралык инвестициялык форум учурунда Digital CASA долбоору тууралуу айтып берди.
“Бул долбоор санарип технологияларды киргизүүгө багытталган”,-деди ал.
Анын айтымында, Digital CASA долбоору өзүнө 3 багытты камтыйт:
1. Регионалдык инфраструктураны түзүү, долбоордун жалпы бюджети 21 млн долларды түзөт.
2. Маалыматтарды иштеп чыгуу үчүн регионалдык борборлорду түзүү, жогорку технологияларды өнүктүрүү. Бул багыттын бюджети 18 млн. доллар.
Бул багыттын алкагында дата борбор түрүндө евразиялык талаа түзүлөт. Учурда бул багыт боюнча Өзбекстан менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кошумчалады ал.
- Санарип экономика үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү. Бюджеттин көлөмү 8,4 млн. доллар. Бул долбоор Мамлекеттик Байланыш комитети тарабынан ишке ашырылууда. Ал ийгиликтүү ишке ашса долбоор 2018-жылдын күзүндө күчүнө кирери белгилүү болду.