Анын айтымында, аталган мыйзам долбоору айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоо, айыл чарба кооперацияларына биригүү үчүн дем берүү, соода-логистикалык борборлорунун жана Машина-трактордук станциялардын өнүгүүсүн колдоо, айыл чарба продукциясынын экспорттук потенциалын жогорулатуу максатында иштелип чыккан.
Аталган максаттарга жетүү үчүн мыйзам долбоору аркылуу Салык кодексине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилүүдө:
- “Айыл чарба кооперативи”, “айыл чарба өндүрүүчүсү” деген түшүнүктөргө редакциялык түзөтүүлөр киргизилип, “Машина-трактордук станция”, “айыл чарба багытындагы соода логистикалык борбор” түшүнүктөрүнө так аныктама берүү;
–Айыл-чарба кооперативдеринен жана айыл-чарба дыйкандардан транспорттук логистикалык борборлор кайра иштетүү үчүн алган өнүмдөрдү, машина-трактордук станцияларга ташууну, айыл-чарба кооперативдерине тетиктерди берүү жана кызмат көрсөтүүнү КНСтен бошотуу.
–Транспорттук логистикалык борборлор жана айыл-чарба кооперативдери колдонуп жаткан мекемелер салыктын 50 пайызынан бошотулат.
Талкуунун жүрүшүндө депутаттар мектепке чейинки билим берүү мекемелерге байланыштуу маселелер бул долбоорго киргизилгени менен анын негиздемесинде жоктугун, ал дегеле долбоордун концепциясына туура келбестигин билдиришип, 2-окууга чейин бул багытта түзөтүүлөрдү киргизүүнү сунуш кылышты.
Министр Артем Новиков бул сунушка макул болду. Жыйынтыгында айтылган сунуш-пикирлерди эске алуу менен мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жиберилди.