• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Депутаттар миңдеген мал бактырып, жайыттарга терс таасир тийүүдөбү?

korporatsiya-ayu-14

👁 1,752

Кыргызстанда жашоо барган сайын татаалдап бара жатат. Шаардагылар экономиканын формалдуу эмес секторунда эмгектенишет же мигранттардын эсебинен жашап келишет.

Ал эми айылдыктар болсо өлкө сыртынан гана эмес өлкө ичинен дагы жумуш издешүүдө. Жан багуунун дагы бир түрү – мал багуу.

Акчаларды малга салгыла!

Качандыр бир убакта Булгаков эң мыкты банк-консерва банкасы деп айткан, ал эми кыргызстандыктар мыкты банк – бул мал-жандыктар деп санайт. Абдрахман Саркулов: “Мен таң азандан кеч киргиче айылдык башкармада иштейм. Айына 7000 сом гана маяна алам. Шекердин мүшөгү 3000 сом, ундун мүшөгү 1500 сом болуп жатса кантип жашаш керек? Менин 3 балам бар жана баары студент. Мал менен жан багып келебиз: бука кармайм. Сезон учурунда семиртип сатам”-деди ал.

Абдрахман го иштейт экен, башкалар болсо болгону мал чарбачылык менен алек. Алар көп мал багып, семиртүүгө аракет кылып келишет.

Сокулук районунун мал доктуру Максим Чешев: “Айылда мал сатып алуу актуалдуу. Баары эле көп малдуу болууга аракет кылышат, жайыттар тууралуу ойлонгон киши жок. Эң башкысы азыр киреше табышса болд”-дейт.

Кийин эмне болсо ошо болсун!

Дал ушундай ой бүгүн коомчулукка тарап кеткен. Дал ушундай мамиле жерибизге, жайыттарга чоң зыяндарды алып келүүдө. Айыл-чарба жана азык-түлүк уюмунун адистеринин жардамы менен малчылар эсептөөлөрдү жүргүзүшкөн. Натыйжада малчылар жайыттарда 3–4 эсе көп мал кайтарылары белгилүү болгон. Башкача айтканда 40–50 баш мал кайтарылчу жерге 150 кой кайтарылат. Бул көрүнүш ири мүйүздүү малдарга дагы тиешелүү.

“Жайыттарды сактап калуу үчү ата-бабьаларыбыз койлорду көп багышкан. Себеби койлор уй жана жылкыларга салыштырмалуу көп заңдашпайт. Ал эми малдын тезеги түшкөн жерге оңой менен чөп чыкпайт. Ал эми койлордун коргоолдору чөпкө эч кандай таасир кылбайт. Ошондой эле көпчүлүк алыскы жайлоолорго барышпай эле этекке качып жатышат. Кыргшызстанда алыстагы жайыттар колдонулбай деле калды. Себеби: жакырчылык, малды айдап баруу үчүн транспорттун жетишсиздиги. Көпчүлүгү алыска кетүүнү каалабагандыктан да болот. Жаштардын көбү чет жакка чыгып кетип карылар алыска кете алышпайт. ”,-деди Сокулук районунун “Асыл тукум мал ассоциациясынын” жетекчиси Рыспек Жумаев.

Дагы башка себеп бар. “Айрым депутаттардын миңдеген малдары бар. Бул депутаттардын малдары дагы жайыттарды бузууда. Өкмөт жана Жогорк Кеңеш да күнөөлүү, алар ушундай эл өкүлдөрүнө жол берип жатышат”,-деди Эмил Шүкүров

Эмне кылуу керек?

Жерлерди пайдалануу маселесин карап чыгуу керек. Шүкүровдун айтымында, депутаттар аракет кылгандын ордуна жерлер менчик экенин жана өкмөт эч кандай чара көрө албастыгын айтып келишет. “Ошондой эле жерлерди туура пайдалануу тууралуу маселелерди көтөрүшпөйт. Кыргызстандыктардын жашоосун жакшыртууну чындап каалашса тиешелүү тармакка көңул буруу керек. Аны менен катар эле айылдыктар мал менен гана жанын багып жаткандыктан экономикалык өнүгүү болуусу керек дагы, айыл тургундары башка иш менен дагы камсыз болуулары шарт”,-деди эколог.

Ошондой эле калк менен иштөө зарыл. Чабандарды жайыттарды туура колдонууну үйрөтүү керек. 9 млн гектар жайыттардын жарымы бузулган. Малдын саны өсүп жаткандыктан жайыттарды туура пайдалануу программасын мурда эле киргизүү керек болчу.

Долбоор иштөөдө!

Бүткүл дүйнөлүк банктын каржылоосу менен “Жайыттарды жакшыртууну башкаруу” долбоору ишке киргизилген. Аны АРИС жана Айыл-чарба министрлигинин жайыт департаменти ишке ашырууда. Ишке ашыруу мөөнөтү 2019-жылга чейин.

Бул долбоор 3 бөлүктөн турат:

1.«Жайыттарды коомчулук аркылуу башкаруу»

Башкаруу үчүн электрондук формат кригизилген. Ал жайыттардын бузулуп жатканы тууралуу маалымат берип, өз убагында тиешелүү чараларды көрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Электрондук системанын жардамы менен вакцинациялоо процесси тууралуу маалымат алып, малдын саны тууралуу, бузулуп бара жаткан жайыттар жана жайытты колдонуу үчүн төлөнгөн каражаттар боюнча малымат алса болот.
  1. «Малдарды дарылоо боюнча башкаруу»
Малдарды дарыламайынча жайыттарды сактап калуу мүмкүнчүлүгү аз. Долбоордун алкагында ветеринардык факультеттердин 48 бүтүрүүчүсү тажрыйбалуу мал доктурлардан сабак алышат. Бүтүрүүчүлөрдү атайын түзүлгөн комиссия тандап алат. Тажрыйбасы менен бөлүшө турган мал доктурга 400 доллар бөлүнөт.
  1. «Долбоорду башкаруу»

Мал чарбачылыгын жана жайыттарды изилдөө институту, «Кыргыз жайыты», Кыргыз улуттук агрардык университет, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекция, Ветеринардык палата ж.б. колдоодо.

Жайыт колдонуучулар жерге кылдат мамиле жасоону үйрөнүүлөру керек. Мал көп болуп, аларды кайтарууга жер жок болсо ким кандай пайда табат? Биз мындан байып кетебизби? Донордук уюмдардын жардамы менен жайыт комитеттеринин мүчөлөрү тренингдерге катышышты, бирок жайыт колдонуучуларында болгон маалыматтын аздыгынан улам маселе курч бойдон калууда.

Ирина Байрамукова

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости