Жогорку Кеңештин имаратында Кыргызстандагы “Көмүскө ачкачылык” тууралуу көчмө фото көргөзмө ачылды. Бул тууралуу ЖКтин расмий сайтында жарыяланды.
Уюштуруучулардын айтымында, БУУнун Кыргызстандагы Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) колдоосу менен Тамактанууну жакшыртуу жана азык-түлүк коопсуздугу үчүн Жарандык альянсы, Жогорку Кеңештин депутаттары, ошондой эле Калктын саны жана өнүгүү боюнча Кыргызстандын парламентчилеринин улуттук комитетинин төрагасы, депутат Осмонбек Артыкбаев тарабынан өткөн жылдын ноябрь айында ““Аз кандуулуктан эркин Кыргызстан” аталышындагы фото сынык жарыяланган. Андан соң ушундай эле аталыштагы көчмө фотокөргөзмөнүн расмий ачылышы өткөн. Фото сынакта карапайым адамдар үчүн татаал болгон аз кандуулук темасына кесипкөй, ошондой эле жаңыдан үйрөнүп жаткан сүрөтчүлөрдүн концептуалдык сүрөттөрүн чогултуу максаты коюлган.
Сүрөттөр эки ай бою кезек-кезеги менен Парламентте, мамлекеттик органдарда илинет. Бул демилге аз кандуулук, туура эмес тамактануу жана анын кесепеттерине байланышкан көйгөйлөргө аткаминерлердин көңүлүн бурдуруу максатын көздөйт. Мындан сырткары, тегерек стол талкуусу өтүп, анда түрдүү тармактардын адистери жашыруун ачкалыкты жок кылуу үчүн кандай иштер жасалып жатканын талкуулашат.
Белгилей кетсек, Кадыресе же ашыкча салмагы бар (толук) адамдарда витаминдердин жана минералдык заттардын жетишсиздиги көз карашынан алганда толук эмес тамактануу жашыруун ачкалык деп аталат. Ал адатта көзгө көрүнбөгөн белгилери бар жана андан жапа чеккен адамдар керектүү заттардын жетишсиздиги жана мунун ден соолук үчүн терс кесепеттери тууралуу билбегени өзгөчө кооптуу болуп саналат. Дал ошондуктан аз кандуулук жана туура эмес тамактануу калк үчүн да, аткаминерлер үчүн да көзгө урунбаган көйгөй бойдон кала берүүдө.
Ошондой эле, Кыргызстанда аз кандуулук коркунучуна өзгөчө аялдар жана балдар көбүрөөк кабылган. Бала төрөчү курактагы аялдардын 35%ы жана беш жашка толо элек балдардын 43%ы аз кандуулуктан жапа чегүүдө.