Алар учурда аталган жылуулук борборунда кайсы түтүктөр жарылганын жана канча агрегат иштеп жатканын иликтешет.
26-январда Бишкек жылуулук борбордун эски буу казандарына суу жеткирүүчү жабдыктар бузулуп, «Электр станциялары» ишканасы жылуулук борбордун кубаттуулугун 350 мВттан 154 мВтка чейин түшүргөн. Ушундан улам суунун температурасы +84 градустан +62 ге чейин төмөндөп, борбор калаанын жашоочуларынын үйлөрү муздаган.