29-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында республикалык бюджети тууралуу мыйзам долбоору каралды.
Мыйзам долбоорлору боюнча Бюджет жана финансы боюнча комитеттин төрагасы Таабалды Тиллаев баяндама жасады.
Маалыматка ылайык, мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин жалпы көлөмү 2018-жылга карата 158 млрд 398 млн сом көлөмүндө же ички дүӊ өнүмгө карата карата 29,4 пайыз деңгээлде болжолдонууда. 2018-жылдагы республикалык бюджеттин кирешелери 140 млрд 882 млн сом көлөмүндө каралганы же ички дүӊ өнүмгө карата 26,5 пайызды түзөрү белгилүү болду. Демек, номиналдык кирешелердин көлөмү 2017-жылдын бюджетине салыштырмалуу 12,4 пайызга көбөйөт. Бюджеттин тартыштыгы 20 млрд 267 млн сом өлчөмүндө болот же ички дүӊ өнүмгө карата 3,8 пайызды түзөт.
Мыйзам долбоору комитеттерде каралып жатканда бир катар депутаттардан бюджеттин тартыштыгынын көлөмүн кыскартуу боюнча сунуштарды берген.
Ошону менен катар Таабалды Тиллаев көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу жаатында иштерди жүргүзүү керектигин, ал үчүн салык, лицензия, эмгек маселелерин оптималдаштыруу, бизнес жагымдуулугун арттыруу зарылдыгын белгиледи.
Мындан сырткары, банк тутумундагы мыйзамдар татаал экендиги, аларды кайра карап, жеңилдиктер каралышы, банктардын санын көбөйтүү маселелери айтылды.
Суроо-жооп маалында КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов өлкөнүн бюджети өлкөнүн бир жылдык жашоосу экенин, кандай сапаттуу кабыл алсак, ошондой жашоо болооруна токтолду. “Административдик-территориялык реформаны ылдамдатуу зарыл. Натыйжалуу башкаруу менен көп нерсени утса болот. Ушул маселе аксап жатат. Приоритет катары тоокен өндүрүшү, туризм, энергетика тармактары айтылып жатканы менен элемантардуу эле кабель, кошкучтарды чыгарган ишканалар жок”,- деди ал. Мындан сырткары, бул багытта Кывргыз-орус өнүктүрүү фондунун натыйжалуу ишин көрүнбөй жаткандыгын кошумчалады.
Өз кезегинде Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун жетекчиси Эркин Асрандиев 2 жыл ичинде 780 долбоор каржыланганын, 7 ири ишкана ачылганын жана 64 300 адам жумуш менен камсыз болгонун билдирди. Жакында Кара-Балтада арматура заводу жана Токмокто кесме чыгарган завод ачылары белгилүү болду.
Депутат Чыныбай Турсунбеков спикер маалында Пакистан өлкөсүнө барганда Жогорку Нарын ГЭС каскаддарын курууга пакистандык ишкерлер кызыгуусун билдиргенин, аларды өкмөткө сунуштаганын айтып, учурда бул маселе кандай деңгээлде турганын сурады. КР Өкмөт башчысы Сапар Исаков Жогорку Нарын ГЭС каскаддарын курууга дагы эки компания кызыкдар болуп жатканын, ошону менен катар пакистандык ишкерлерди дагы тыкыр карап чыгууга убада кылды.
Эл өкүлү Зарылбек Рысалиев күн сайын токтобогон жол кырсыктарын азайтуу үчүн жайкы дөңгөлөктөр менен жүргөн автоунааларды кыш мезгилинде жүрүүгө тыюу салууну кечиктирилгис чара катары көрүүнү сунуш кылды.
Мындан сырткары депутаттар билим берүү тармагында көп кемчиликтер бар экенин айтышып, ал тармакты реформалоо керектигин билдиришти. Ошондой эле туризм тармагы боюнча дагы нааразчылыктар айтылды.
Талкуунун жыйынтыгында парлмент 2018-жылдын бюджетин кабыл алды.
Кээ бир депутаттар мыйзамсыз эле мурунтан белгилүү болгон нерселерди трибунадан туруп сүйлөй берерин Зарылбек Рысалиевдин мисалынан улам көрсөк болот.
Парламент бюджетти түзүү менен эмес, аны ар түрдүү реформаларга бөлүштүрүп коюу үчүн гана отургандай ой калтырды.