• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

«Балага сүйүнчү» 1-апрелге чейин берилет

22

👁 803

13-мартта Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин жыйынында “Кыргыз Республикасынын социалдык коргоо жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору 1-окууда каралды. Мыйзам долбоорун талкуулоого КР вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова катышты.

Мыйзам долбоору боюнча эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайкул Исакунова баяндама жасады.

Маалыматка ылайык, “КР мамлекеттик жөлөкпулдары жөнүндө” мыйзамга түзөтүү киргизүүгө багытталган “КР социалдык коргоо жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору иштеп чыгуу үчүн КР Премьер-министринин тескемеси менен ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөн.

Жумушчу топтун ишинин жыйынтыгы менен комитеттин талкуусуна сунушталган мыйзам долбоору иштелип чыккан. Мыйзам долбоору аркылуу 16 жашка чейинки балдарга “Үй-бүлөгө көмөк” аттуу жөлкпул каралган. Анда муктаждыкты эске алуу менен майып балдарга жана кичине кезинен бери майып болгон балдарга ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулдун көлөмүн жогорулатуу; ата-энелеринин камкордугунан ажыраган жана интернат тибиндеги балдар үйлөрүндө мамлекеттин камсыздоосундагы балдарга жеке депозиттик счетторду милдеттүү түрдө ачуу тууралуу ченем киргизүү (бул счетко эрезеге жеткенге чейин аларга мыйзам чегиндеги алимент, пенсия, жөлөкпул жана башка социалдык төлөмдөр топтолушу үчүн) каралууда.
Талкуу жүрүшүндө депутат Кенжебек Бокоев, Алтынай Өмүрбекова жана Иса Өмүркулов мыйзам долбоору менен муктаж үй-бүлөнү тактоочу критерийди аныктоо, “аз камсыз болгон үй-бүлө” түшүнүгүн тактоо зарылдыгын белгилешти. Мындан сырткары, депутаттар Бакыт Төрөбаев менен Алтынбек Сулайманов аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жөлөкпулду жана бала төрөлгөндө берилүүчү “сүйүнчү пулду” берүү механизмдерин жөнөкөйлөштүрүүнү сунуш кылышты.

Жыйынтыгында комитет мүчөлөрү депутаттардын айткан сунуш-пикирлерин эске алуу менен мыйзам долбоорунун концепциясын жактырышты.

Эске салсак, 2018-жылдын 1-январынан тартып «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» мыйзамдын жаңы редакциясы күчүнө кириши керек болчу. Бул мыйзам балдары бар үй-бүлөлөргө жөлөкпулду кирешеси боюнча эмес, категориялык жана демографиялык белгилери боюнча дайындоого өтүүнү, жөлөкпулду ар бир үч жашка чейинки балага жана үчтөн ашык балдары бар үй-бүлөлөргө дайындоого өтүүнү камтыган. Бул мыйзамдын күчүнө кирүү мөөнөтү «балага сүйүнчүнү» берүүнү караган ченемден тышкары, 2018-жылдын 1- апрелине чейин узартылган.
Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости