• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Депутат Руслан Казакбаев Google-салык киргизүүнү сунуштады

5

👁 749

«Республика — Ата Журт» фракциясынын депутаты Руслан Казакбаев Интернетте кызмат көрсөткөн Фейсбук, Гугл жана Инстаграм сыяктуу ири IT компанияларга салык салуу демилгесин көтөрдү. Бул тууралуу ал бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди.
- 2017-жылдын 1-январынан баштап Орусияда «Google-салык» киргизилген. Бул салык чет элдик уюмдар Интернет аркылуу электрондук формада кызмат көрсөтүүдө НДС төлөөнүн атайын тартиби. Көптөгөн фирмалар азыркы учурда өз продукциясын жана жарнамасын Фейсбук, Инстаграм, Твиттер, Гугл жана башка сайттарда жарыялаш үчүн миңдеген долларларды короторун бардыгыбыз билебиз. Мисалы ар бир университет айына Интернеттеги жарнамасы үчүн 500 АКШ долларын коротот. Эгер бир эле университет ушунча коротсо, мындай жарнама үчүн коммерциялык компаниялар канча акча төлөп жатканын өзүңүздөр билсеңиздер керек. Эксперттердин айтымында, биз интернет компаниялардын салыгынан 500 миллиондон 1 миллиард сомго чейин салыкты жоготуп жатабыз.

Руслан Казакбаев компаниялар акчаны банк аркылуу түздөн түз эл аралык компанияларга которорун айтып, Кыргызстан да Орусиянын тажрыйбасын ишке ашырышы керектигин билдирди. Анын айтымында биринчи үч айлыкта эле Орусиянын бюджетине салыктын жаңы түрүнөн 2 миллиард рубль түшкөн.

Орусиянын аймагында Интернет аркылуу электрондук кызмат көрсөткөн «Google», «Apple», «Microsoft», «Facebook», «eBay», «Aliexpress», «Yahoo», «Bing» сыяктуу чет элдик компаниялардан кошумча нарк салыгы алынат.

Буга чейин Орусияны мисал кылып Тажикстандын Салык комитети да өз өкмөтүнө Интернет компаниялардан салык алууну сунуштаган.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости