Өкмөт Кубанычбек Кулматовго өчөшүп, Бажы кызматынын башчылыгына Оӊолбеков деген немени дайындап салды. Иштегенине 30 күн толбой жатып, өзүн-өзү билип, мурдагы тажрыйбалуу кызматкерлерди жумуштан бошотуп, айрымдарын кызматынан кичирейтип, Бажы кызматы кайрадан баягы таз кейпине түштү. Муну ишкерлер менен жүк ташуучулар айтышты. Азыр бажычылар ар фурадан 2 миӊ доллардан «колкесер» алып жатышыптыр. Өкмөт болсо көрмөксөн да билмексен. Бул тууралуу депутат Жанарбек Акаев Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.
Депутат: Оӊолбековдун иштегенине 30 күн толбой жатып, өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илип, Бажы кызматы кайрадан баягы таз кейпине түштү

👁 730