Бул тууралуу депутат Жогорку Кеӊеште Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин демилгеси менен өтүп жаткан «Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын жана “Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө” мыйзамдын аткарылышы боюнча парламенттик угуунун жүрүшүндө билдирди. Иш-чарага мамлекеттик органдар мекемелердин өкүлдөрү, эксперттер менен адистер катышты.
Депутат Экмат Байбакпаев Кыргызстан Евразия экономикалык бирлигинин курамына киргени ветернардык жана фитосанитардык коопсуздук, малды инденфикациялоо чараларына карата талап күчөтүлгөнүн белгиледи.
Андан тышкары, малдын ылаӊынан арылып, тамак-аш коопсуздугун камсыз кылып, мал чарбасынын өндүрүлгөн өнүмдөрүн эл аралык стандартка туура келтирүү менен, аны чет өлкөлөргө, анын ичинде ЕАЭБ өлкөлөрүнүн аймагына чыгаруу милдети турат.