Өлкө экономикасынын 78–80 пайызын импорт түзөт, бирок аны башкаруу маселесине анчалык көӊүл бурулбай калганы байкалууда экенин депутат Акылбек Жамангулов ЖКтин жыйынында билдирди.
Өкмөттүн башкы милдети – өлкөнүн экономикасын көтөрүү. Ошого карабастан, бул багыттагы аракеттер солгун бойдон калууда. Кыргызстандын экономикасынын 78–80 пайызын импорт түзө турганы жашыруун эмес. Бирок, аны башкаруу маселесине анчалык көӊүл бурулбай калганы байкалууда. Өкмөт бул маселени тезинен иликтеп чыгып, тийиштүү чараларды көрүшү керек деген пикирин айтты.
«Өткөндө депутат Рыскелди Момбеков Талас аймагындагы «Чоӊ-Капка» өткөрмө жайы аркылуу контрабандалык товарлар мыйзамсыз агылып кирип жатканын айткан, ушул кезге чейин анын жообу жок. Өткөрмө жайларда чегарачылар турат, бажычылар жок. Ошондон улам, алымдар төлөнбөй, бюджетке каражат түшпөй калды. Мындай абал баардык аймакта кездешет. Өкмөт мекемелер аралык комиссия түзүү менен, аны аягына чейин иликтеп чыгып, тийиштүү чараларды көрүүгө тийиш», — деди эл өкүлү.