Бирок «Кумтор Оперейтинг Компани» ЖЧКсы мамлекеттин бюджетине керектүү суммадагы каражатты салып, ал эми башка компаниялар бюджетке эч кандай салым кошпой эле деген пикирде эл өкүлү. Ошентип “Кумтөрдөн” сырткары бардык компаниялар салык жеңилдиктерин алып “жыргап” жатышыптыр. Алар байып, өлкө кедей болуп жаткан кези экен.
Аны иштетүү үчүн дагы канча каражат салуу керек белгисиз, бирок салыктарды көтөрүү тууралуу маселе козголо баштаган убак. Ушинтип отурсак Кыргызстандан алтын казып алуу боюнча негизги ири инвесторду жоготуп алуубуз мүмкүн.
Бул эл өкүлүнүн кезектеги популисттик кыйкырыгы эмеспи? Бул сөздөр 2016-жылдын 11-декабрына чейин шайлоого аз калганда кандайдыр бир саясий партиянын өкүлүнүн оозунан чыкса көңүл бурбай деле койсок болмок.
Бирок “Бир Бол” партиясынан депутат болуп келген Акылбек Жапаров тажрыйбалуу жана билимдүү саясатчы, ал көп жылдар бою мамлекеттик иштерде кызмат кылып келген. Ошондуктан ал бир топ маалыматка ээ жана мындай нерселерди айтуу үчүн компетенттүү.
ЭКОНОМИКА бул жагдай боюнча талдоо жүргүзүп көрдү. Агач “Кумтөр” 2015-жылы мамлекеттин бюджетине канча каражат которгонун карап көрөлү. Компаниясынын жетекчиси Даниэль Дежарден бул сумманы абдан ийгиликтүү деп атаган.
Бирок мындай абал дайыма эле болгон эмес. 2013-жылы ошол учурдагы премьер-министр Темир Сариев “Кумтөр” мамлекет бюджетине аз акча которуп жатканын айтып, нааразычылыгын билдирген. 2009-жылкы кенди иштетүү боюнча макулдашууга ылайык, “Кумтөр” ЖЧКсына салык төлөө боюнча өзгөчө шарттар коюлган, салыктар башка компаниялар төлөп жаткан негизги ставкадан 1,5 эсеге аз.
Бюджеттин негизин түшкөн ишканага долбоорун күчтөнтүп иштетип алууга мүмкүнчүлүк берип, андан соң гана салыктарды көтөргөндөрү логикага ылайык болгон. Анын үстүнө “Кумтөр” 2016-жылы калдыктарды сактоочу жайга дамба курууну жана карьердин кеңейүүсүнө байланыштуу айрым объекттерди көчүрүүнү пландаган.
Ошондуктан “Жерүй” кенин иштетүүчү ири инветор «Восток-Геолдобыча» жана дочердик компаниясы дагы салык жагынан жеңилдетүү алуусу зарыл.
Бул кенди иштетүү үчүн чоң суммадагы акчасын салган инвесторго долбоорун өнүктүрүп жана жакшы иштетип алуусуна түрткү берүү үчүн абдан зарыл. Бул жерде Борбор Азиядагы жалпы абалдан баштап, жергиликтүү калктын каршы чыгуусуна чейин барган кооптуу жагдайлар дагы аз эмес.
Акылбек Жапаровдун Кыргызстандагы алтын иштетүүчү башка ишканалар менен иши жоктой, себеби аларды беш манжабыз менен санап койсок болот. Бул компаниялар дайым жергиликтүү тургундар тарабынан кысымга учурап акыркы деми менен араң иштеп турушкан чагы. Мунун баары А. Жапаровго жакшы эле белгилүү.
Ал эми “Жерүй” боюнча абал депутатка баары бир эместей. Келечекте “Кумтөрдүн” ордун басчу, бюджетке ири салык төгүүчү алтын казуучу ири компания – бул “перспектива үчүн” иш.
Ошондуктан келечекте поездден калып калбоо үчүн азыртадан ушундай сөздөр айтылууда.