• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Депутат: Кафелерде иштеген жаштардын да эмгек китепчесин ачуу керек

48

👁 755

Жогорку Кеӊеште пенсияга чыгаарда талап кылынган документтердин санын кыскартууга багытталган мыйзам долбоору каралып, долбоордун концепциясы жактырылды.

Пенсияны дайындоодо жарандар Социалдык фондго көп сандагы документтерди даярдоо узак убакытты жана кыйла оорчулукту жараткан жагдайларды талап кыларын белгилеген депутат Аалы Карашев ошондон улам жарандар үчүн зарыл документтерди даярдоонун жол-жоболорун жеңилдетүү жана анын тизмесин кыскартуу менен пенсияларды дайындоонун тартибин өзгөртүү демилгеси сунушталып жатканын айтты.

“Бул маселелерде жоюлуп кеткен жана ишин токтоткон уюмдарда, мекемелерде жана ишканаларда иштешкен жарандар кыйла оор кыйынчылыктарга тушугууда. Мындай иш берүүчүлөрдүн катарына мурдагы СССРдин тушундагы жамааттык жана биргелешкен чарбалар, өнөр жай жана башка ишканалар, кийинки коммерциялык уюмдар жана башкалар кирет”, — дейт депутат.

Андан тышкары, демилгечилер 1991-жылга чейин айрым жарандарыбыз мурдагы СССРдин башка союздук республикаларында жайгашкан ишканаларында, уюмдарында жана мекемелеринде иштешкендиги, же болбосо, Кыргызстандын аймагынан сырткаркы жерлерде окушкандыгы жана аскердик кызмат өтөшкөндүгү тууралуу маселени эске алсак, жагдай ого бетер татаалдаша турганын айтышат.

Улан Примов, Кенжебек Бокоев, Аида Касымалиева баштаган бир катар депутаттар мыйзам долбоору пенсияга чыгуудагы бир топ көйгөйлүү маселелердин чечилишин жеӊилдетип, Соцфонд тармагындагы коррупциялык жосундага да бөгөт койо турганын белгилешти. Депутат Дастан Бекешев иштеген жарандардын баарын заманбап электрондук эмгек китепчесине өткөрүү сунушун берди.
Ал эми депутат Кожобек Рыспаев ресторандар менен кафелер сындуу жайларда иштеген көптөгөн жаштар эмгек китепчесисиз эле иштеп, эмгек стажы жок болгондуктан, кийин пенсияга чыгарда кыйла кыйынчылыктарга дуушар болорун айтты. “Жумуш берүүчүлөрдөн социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүн сөзсүз төлөөнү талап кылыш керек. Ошондо жаштарга да жакшы болот, Соцфондго да кошумча каражат түшөт”, — дейт ал.
Соцфонддун төрагасы Теӊизбек Абжапаровдун айтымында, мыйзамга ылайык, аялдар 58 жашында, эркектер 63 жашында пенсияга чыга алат. Ал мыйзам долбоорун колдоорун, пенсия чектөө жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана ырааташтыруу максатында, азыр жарандардын электрондук маалымат базасы түзүлүп жатканын, эми пенсиялык документтерди Соцфонддун өзү даярдай баштай турганын, демек, пенсияга чыкчу жарандар арыз берүү менен эле чектелерин кошумчалады.
Бул мыйзам долбоору ишке кирсе пенсияга чыгуу бир топ жеңил болуп калаарын демилгечи топтун мүчөлөрү баса белгилешти.
Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости