Бүгүн, 31-майда Жогорку Кеңештин “Ар кыл маселелер” саатында күйүүчү майлардын кымбат болуп жаткандыгы айтылды.
Депутат Бактыбек Сыдыков Россия Федерация тарабынан Кыргызстанга алымсыз 1 млн тонна күйүүчү май бөлүнөөрүн, бирок анын баарын “Газпром”, “Росснефть” компаниялары бөлүп алып жаткандыгын, жакында жаңы алым кирет деген жүйөө менен күйүүчү майларды 3 сомго кымбаттаткандыгын маалымдады.
Депутат Таабалды Тиллаев Бишкек-Ош. Бишкек-Торугарт жолунда айдоочулардан, жүк ташуучулардан жол коопсуздук кызматкерлери тарабынан акча жыйноолор арбып жатканын маалымдады. “Бүгүнкү күндө күйүүчү майлар кымбаттап жаткан маалда мындай мыйзамсыз иш-аракеттер токтотулушу зарыл”,- дейт ал.