• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Депутат: “Ээри жок атка минип калгандай эле” кызматка кокустан келип калган акимдердин иштөө ыкмасына токтолду

chereshnya-veda-700x329

👁 1,392

“Аймагында базарлары бар айылдардын бюджети 10 эсеге чейин жогорулаган фактылар бар”, — дейт депутат Абылкайыр Узакбаев “Өнүгүү — Прогресс” фракциясынын бүгүн, 8 – июнда Ош шаарында өтүп жаткан көчмө жыйынында. Аталган иш чарада аймактарда жумуш орундарын түзүү суроосу талкууланып жатат. Депутат ошондой эле “ээри жок атка минип калгандай эле” кызматка кокустан келип калган акимдердин иштөө ыкмасына токтолду. Алардын ыңгыранган ыкшоолугун жоюу үчүн акимдердин ишмердүүлүгүн баалоочу критерийлерге алардын канча жумуш ордун түзгөндүгүн карап, ачкан ишканаларын санап баа берилсе, — деди.
“Банктарга болгон көз карашым бир топ өзгөрүп, ынанымым бекемделди” – деген депутат Тынчтык Шайназаров дагы, -“Район акимдеринин иштерине баа берүүнүн бир критерийи канча жумуш орундарын түздү, канча ишкана ачылды деген шарт менен коштолсо, инвестор издеп аракети күчөмөк”, — дейт.
Депутат Зиядин Жамалдинов, — 453 айыл өкмөтүнө бирден — экиден трактор алып берүү мүмкүнчүлүгү бар каражат булактарын караштырып, ага 5–7%дан насыя берсе болот, — дейт. Болгону кредитке бюджеттин каражатын колдонбош керек, — деген депутат дотациядагы айылдарга чакан мал союучу, мөмө – жемиш кургатуучу цехтер ачылса иш жылмак , — деп кошумчалады.

Жолугушууга келгендер Батыржан Кадыровго тиешелүү ишканалардын таландыга түшүп, кароосуз калгандыгын айтып, Жалал – Абад шаарындагы аэропорттун шаар ичинде жайгашкандыгын, ун чыгаруучу комбинаттардын иши солгундап жаткандыгын жана балдар бакчаларынын мамлекетке кайра кайтарылышын камтыган маселелерди көтөрүштү.

Аэпопорт маселесине келгенде депутат Алтынбек Жунус уулу Талас аэропорттун ичинде хансарайлар салынып кеткендигин мисалга келтирип, аэропорт аянттарын тактоо зарылчылыктарын айтты.

«Ошондой эле шаар ичинде жайгашкан аэропорттон чоочулоонун деле кажети жок. Себеби, мисалы Стамбулда деле шаар аймагында турган аэропорт бар. Андан маселе жаратуунун зарылчылыгы жок», — деди жеке пикирин ортого салган депутат.
Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости