“Банктарга болгон көз карашым бир топ өзгөрүп, ынанымым бекемделди” – деген депутат Тынчтык Шайназаров дагы, -“Район акимдеринин иштерине баа берүүнүн бир критерийи канча жумуш орундарын түздү, канча ишкана ачылды деген шарт менен коштолсо, инвестор издеп аракети күчөмөк”, — дейт.
Депутат Зиядин Жамалдинов, — 453 айыл өкмөтүнө бирден — экиден трактор алып берүү мүмкүнчүлүгү бар каражат булактарын караштырып, ага 5–7%дан насыя берсе болот, — дейт. Болгону кредитке бюджеттин каражатын колдонбош керек, — деген депутат дотациядагы айылдарга чакан мал союучу, мөмө – жемиш кургатуучу цехтер ачылса иш жылмак , — деп кошумчалады.
Жолугушууга келгендер Батыржан Кадыровго тиешелүү ишканалардын таландыга түшүп, кароосуз калгандыгын айтып, Жалал – Абад шаарындагы аэропорттун шаар ичинде жайгашкандыгын, ун чыгаруучу комбинаттардын иши солгундап жаткандыгын жана балдар бакчаларынын мамлекетке кайра кайтарылышын камтыган маселелерди көтөрүштү.
Аэпопорт маселесине келгенде депутат Алтынбек Жунус уулу Талас аэропорттун ичинде хансарайлар салынып кеткендигин мисалга келтирип, аэропорт аянттарын тактоо зарылчылыктарын айтты.
«Ошондой эле шаар ичинде жайгашкан аэропорттон чоочулоонун деле кажети жок. Себеби, мисалы Стамбулда деле шаар аймагында турган аэропорт бар. Андан маселе жаратуунун зарылчылыгы жок», — деди жеке пикирин ортого салган депутат.