• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Депутат: Белгиленген обьектилердин курулушу быйыл бүтпөй турган болсо Региондорду өнүктүрүү жылы дегендин актуалдуулугу жоголот

8

👁 884

Бүгүн, 18-майда «Өнүгүү-Прогресс» парламенттик фракциясы “2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгынын алкагында КР Өкмөтүнүн аткарып жаткан иштери жөнүндө маалымат угушту.

КР вице-премьер министр Жеңиш Разаков айылдардын инфратүзүмүн, ишкердикти, ирригациялык тутумду өнүктүрүү багытында пландалган иш-чаралар боюнча жалпы маалымат берди.

Депутат Исхак Масалиев КР вице-премьер министринин маалыматындагы мал союучу жай, райондордогу жумушчу орундарын түзүү жана башка жагдайлар Өкмөттүк деңгээл эмес экендигин баса белгиледи. “Өкмөт мал союучу жай курбай, ага шарт түзүп бериши керек. Негизги максат кантип тургундарды айылда кармап калуу деген маселенин үстүндө иш алпаруу зарыл”.- дейт ал.

Депутат Мирлан Бакиров региондорду өнүктүрүүнүн алкагында район акимдеринин ыйгарым укуктарын көтөрүү, айылдык кеңештердин кошмо жыйындарынын статусун өзгөртүү, айылдарды дотациядан чыгуу боюнча көрүлүп жаткан чараларга кызыкты. Бул маселе боюнча мыйзам долбоорлору иштелип чыккандыгы аткаруу бийлик өкүлдөрү тарабынан айтылды. Алардын бири катары дотациядан чыгаруу максатында кирешеден түшүүчү салыкты жергиликтүү бийликке калтыруу маселеси этап-этабы менен чечилмекчи. Тагыраак айтканда, 2021-жылы кирешеден түшүүчү салык 100 жергиликтүү бийликке калтырылат.

“Жок дегенде ар бир облуста бирден завод курулса жакшы болот эле”,- деген депутат Тынчтык Шайназаров Ташкент шаарынын мисалында шаар мэрлери шаарды таза кармоо маданиятына элди ээрчите билиши керектигин белгиледи. “Белгиленген обьектилердин курулушу быйыл бүтпөй турган болсо Региондорду өнүктүрүү жылы дегендин актуалдуулугу жоголот”,- дейт депутат Зиядин Жамалдинов.
Фракция лидери Бакыт Төрөбаев талкууну корутундулап жатып “Өнүгүү” фракциясы 2019-жылды дагы Региондорду өнүктүрүү жылы деп калтырууну демилгелей тургандыгын айтты. Ошондой эле өлкө экономикасына олуттуу таасир этүү үчүн ири агроөнөржай ишканаларын куруу керектигин, жергиликтүү ишкерлердин атаандаштыкка туруштук берүүсүн камсыздоо максатында контрабандалык товарларга тыкыр көзөмөл жүргүзүү зарылдыгын аткаруу бийлигине багыттады. Мындан сырткары, фракция лидери Өкмөттү ыкчам аракеттерди көрүүгө чакырды. “Инновациялык технология күндөн күнгө өсүп-өнүгүүдө. Биз бул жааттан артта калып жатабыз. Өкмөт өнүктүрүү чөйрөсүндө баардык тармактарда жаңы технологияларды колдонгонго аракет кылышы зарыл”,- дейт ал.

Жыйнтыгында фракция депутаттары тарабынан айтылган сунуш-пикирлер аткаруу бийлигине эске алууга тапшырылды.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости