• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Депутат Бакиров: Айыл чарба багытындагы реформанын экинчи баскычы башталды

3333

👁 1,126

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин жыйынында «Кооперативдер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү туралуу» мыйзам долбоору 1-окууда каралды.

КР айыл чарба, тамак аш өнөр-жай жана мелиорация министри Нурбек Мурашевдин айтымында, мыйзам долбоору кооператив кеңешинин ыйгарым укуктарын, ыйгарым укуктарынын мөөнөтүн, кооператив кеңешинин мүчөлөрүн шайлоону жөнгө салуу максатында иштелип чыккан.

“Кооперативдер жөнүндө” мыйзам менен кооперативдин кеңешинин ыйгарым укуктары толугу менен жөнгө салынган эмес. Мыйзам долбоорундагы киргизилип жаткан ченемдер кооперативдин кеңешин түзүүдө анын негизги критерийлери болуп эсептелмекчи. Долбоор аркылуу кооперативдин кеңешинин мүчөсү бир эле учурда башкармалыктын мүчөсү, башкармалыктын төрагасы же текшерүү комиссиясынын мүчөсү болушу мүмкүн эместиги, кооперативдин кеңешинин мүчөлөрү кооперативдин аткаруу органынын атынан иш алып барууга укугу жоктугу белгиленүүдө.

Талкууда депутат Мирлан Бакиров: “Жогорку Кеңештеги кооперативдерге байланыштуу мыйзамдарга киргизилип жаткан түзөтүүлөрдү айыл чарба багытындагы реформанын экинчи баскычы десек болот”,- дейт. Мындай пикирди улаган депутат Асылбек Жээнбеков кооперативдерге көптөгөн жеңилдиктерди берүү боюнча мыйзам долбоорлору кабыл алынып жаткандыгын тизмектеп келип, бүгүнкү сунушталган долбоор менен коопертаивдердин уюштуруу маселелери чечиле тургандыгын айтты. Ошондой эле депутат эми коопертивдин так аныктамасын мыйзам чегинде белгилөө зарылдыгын, болбосо буга чейин кооперативдерге байланыштуу кабыл алынган мыйзамдар өз максаттарына жетпей калаарын кошумчалады.

Киргизилип жаткан түзөтүүлөр боюнча кооперативдердин, дыйкандардын дагы пикирлерин эске алуу максатында коомдук же парламенттик угуу өткөрүүнү депутат Алмазбек Акматов сунуш кылды.

“Кооперативдер өнүкмөйүн региондор өнүкпөйт”,- деген Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин төрагасы Айтмамат Назаров мыйзам долбоорун колдоо керектигин чечмелеп берди. Ошону менен катар бул жаатта ийгиликтүү өнүккөн Германиянын, Кытайдын тажрыйбаларын иликтеп, биздин менталитетке ыңгайлуу болгон бир моделин иштеп чыгууну аткаруу бийлигине сунуш кылды.

Жыйынтыгында «Кооперативдер жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү туралуу» мыйзам долбоорун 1-окууда жактырылды.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости