Жалпы сумма 407 миллион сомду же 6 миллионго жакын долларды түзөт. Буга байланыштуу депутат өкмөттөн, Финансы министрлигинен бул карызды кечүүнү же реструктуризациялоону сунуштады.
Ошондон бери ал ишканалар автобустардын акчаларын төлөй албай, карыз болуп келатышат. Буга карабастан автотранспорт ишканалары 2016-жылдын 1-апрелине чейин 74 млн 948,4 миң сом карызын төлөшкөн.
Өкмөттүн өкүлү өкмөт карызды кечүү жана реструктуризациялоо максатка ылайык эмес деп санайт. Жыйында комиссия мүчөлөрү жана өкмөт өкүлдөрү 2 маселеде гана бир пикирде болушту.
Ошентип мурдагы президенттердин тушундагы карыздарды жана активдерди токтотуу үчүн биринчи этап башталды. Эл толкундаган революциянын жардамы менен келген жаңы бийлик эски активдерден аз-аздан “кутулуу” аракетин көрүүдө.
Ал эми автотранспорт ишканалары мындан көп деле зыян тартпайт. Азыркы жетекчилердин бул карыздарга тиешеси жок, ошондуктан аларга баары бир эмеспи. Бирок Финансы министрлигинен кошумча каражат суроо үчүн жакшы шылтоо.
“20 жыл өттү, ишканалар бул карыздарды төлөй албай келишет. Учурда туум жана айыппулдар гана төлөнүп жатат. Көпчүлүк автоишканалары банкрот болуп калышты. Карыздарды кантип төлөйбүз деп жүрүп, эки ишкананын жетекчиси инфаркт болуп көз жумушту”,-деди эл өкүлү.
Маселени бүтурүү үчүн ушул эле жетиштүү болсо керек.
Эгерде каржы тарабын карай турган болсок, анда ал ишеничтүү болуп турат. Насыяны алуу учурунда 12,1 сом 1 долларга барабар жана 9,78 сом 1немис маркасына барабар болгон .Учурда 70сом 1 долларга жана 79 сом 1 еврого барабар.
Доллардын жана евронун курсунун жогорулагандыгына байланыштуу 1998-жылдан тарта автотранспорт ишканаларынын карыздары кыскарбай эле, тескерисинче өсүп келген.
Ошондуктан “Экономика” Өкмөттүн каршы болгонуна карабай бул маселе логикалык жактан чечилет жана карыздарды кечүү жана реструктуризациялоо жүргузулөт деп ишенет. Бул маселени көтөргөн депутат бийликтин фракциясын жетектет эмеспи.
А мындай маселелер жөн жерден көтөрүлө бербейт.