• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Депутат: 3–4 миӊ сом үчүн кылмыш иши козголот, миллиондогон сомдор боюнча козголгон иштер кандайдыр бир себептер менен жабылып калууда

👁 926

Өткөн жылы прокуратура органдары тарабынан 15 билдирүү жөнөтүлүп, «Хизб ут-Тахрир», «Ислам мамлекети государству», «Талибан» сындуу террордук жана экстремисттик топтордун маалыматтары жайгаштырылган 159 веб-сайты менен интернет-баракчалары жабылды. Бул тууралуу башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана ЖК Регламенти боюнча комитетинде өлкөдөгү мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө жана аны чыӊдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу маалымат угулуп жатканда билдирди.

Депутат Кенжебек Бокоев кезинде 100 сом уурдалган «Агроөнөржай корпорациясы боюнча кылмыш ишинин абалына кызыкты. «Кылмыш иши козголгондон бери 10 жыл өттү, эмдигиче дайыны жок, анын тагдыры эмне болду? Болбогон 3–4 миӊ сом үчүн кылмыш иши козголот, ал эми миллиондогон сомдор боюнча козголгон иштер кандайдыр бир себептер менен жабылып калууда. Булар тууралуу кабарыӊыз барбы?», — деген собол салды, эл өкүлү. Башкы прокурор андай ири кылмыш иштери көп экенин, анын баары азыр кайра козголуп жатканын, анын жыйынтыгы жакында белгилүү болорун билдирди.

Депутат Иса Өмүркулов болсо, мамлекеттик сатып алуулар жаатында түзүлгөн тендердик комиссиялардын курамына укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн киргизүү зарылдыгын белгиледи. «Башаламан текшерүүлөрдөн улам мамлекеттик ишканалар кыйналып турат. Эгерде комиссиялардын курамына укук коргоо органдарынын өкүлдөрү кошо кирсе, аларга кыйла жеӊил болмок», — деди эл өкүлү.

Ал эми депутат Бакыт Төрөбаев депутаттар тобунун жаӊы ачылган жагдайларга байланыштуу Өмүрбек Текебаевдин кылмыш ишин кайра кароо боюнча кайрылуусунун тагдырына кызыкты. Башкы прокурор кайрылуу келип түшкөнүн, анда келтирилген жүйөлөр мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттө кылдат текшерилип чыгып, депутаттарга жазуу жүзүндө жооп бериле турганын билдирди.
Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости