КРнын Мамлекеттик салык кызматы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди Бирдиктүү салык декларациясын өз убагында тапшырууга чакырат.
Эскерте кетсек, ушул жылдан тартып Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 2-августундагы №164 «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө» Мыйзамына ылайык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер кирешелери жөнүндө декларацияны салык органына тапшыруулары зарыл.
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар декларацияны электрондук вариантта гана толтурууга жана тапшырууга милдеттүү. Бул декларацияны толтуруу жана тапшыруу процедурасын гана эмес иштеп чыгууну да бир кыйла жеңилдетет.
Азыркы учурда Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу боюнча кампания жүрүп жаткандыгын салык кызматы эскертет.
Алсак, үстүбүздөгү жылдын 1-мартына чейин декларацияны ата-мекендик уюмдар, дыйкан жана фермердик чарбалар, туруктуу мекемесин түзүү менен Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердигин ишке ашырган чет өлкөлүк уюмдар тапшырууга милдеттүү.
1-апрелге чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр, менчигинде кыймылдуу (транспорт) жана кыймылсыз (батир жана үй) мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар, ошондой эле, юридикалык жакты түзбөй туруп ишмердиктерин ишке ашырышкан дыйкан жана фермердик чарбалар Бирдиктүү салык декларацияны тапшырууга милдеттүү.
Декларацияны өз убагында тапшырбагандыгы үчүн жеке жактарга 2000 сом жана юридикалык жактарга 10000 сом өлчөмүндө административдик айып салынат.