Евразиялык экономикалык комиссия Орусиянын Бажы кызматынын жетекчилигине маселени тез арада чечүү суранычы менен кайрылды. Ошондой эле Бажы кызматынан Арменияда, Беларусияда, Казакстанда жана Кыргызстанда берилген сертификаттарды тез арада актуалдаштыруу суранычы болду. Мындай сураныч Евразия экономикалык комиссиясынын техникалык маселелерди жөнгө салуу боюнча министри Валерий Корешковдун атынан жөнөтүлгөн.
КМШ өлкөлөрүнүн импортчулары системанын иштебей калуусунан жапа чегишип, электрондук декларацияны толтуруу учурунда система алардын документин кабыл аларынан күмөн санашууда.
Федералдык Бажы кызматы ЕАЭБдеги башка өлкөлөр тарабынан берилген сертификаттарды кабыл албай калды, техникалык кыйынчылыктарга байланыштуу декларацияны каттоодо система документтердин номерлерин тааныбай жатат.
Евразиялык экономикалык комиссияда бул маселе көтөрүлүп, техникалык маселелерди чечүү талкууланат окшойт.