• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Деңиз азыктарынан бажы салыктары алынбайт

korporatsiya-ayu-6

👁 601

27-ноябрда ЕЭКтин жыйыны болду. Анда биримдикке ташылып келинип жаткан товарларга бажы салыктарынын көлөмүн өзгөртүү маселеси талкууланды. Бул тууралуу ЕЭКтин басма сөз кызматы билдирди.

Анда турбореактивдүү кыймылдаткычтарга бажы салыгын албоо боюнча чечим узартылды. Бул чечим күчү 110 кН болгон бирок, 145 кН ашпаган турбореактивдүү кыймылдаткычтарга тиешелүү жана 2020-жылдын 31-декабрына чейин күчүндө болот.

Учурда заманбап учактар үчүн турбореактивдүү кыймылдаткычтар ЕАЭБ өлкөлөрүндө чыгарылбайт.

Ошондой эле ЕЭК коллегиясы тоңдурулган балыктарга, балык филесине, суримиге, крилге жана молююскаларга бажы салыгын 0% түшүрүүнү да карашты. Моллюскаларга жана антарктикалык крилге болгон салык алынып, нөлгө түшүрүлдү. Бул чечим 2019-жылдын 31-декабрына чейин иштейт.

Ал эми жогоруда аталган тоңдурулган башка балыктар боюнча маселе ЕЭКтин кеңешине алынып чыгат.

Бажы салыгын төмөндөтүү балык жана деңиз азыктарын кайра иштетүүгө жакшы шарт түзүп, экспорттун колөмүн жогорулатат.

ЕЭКтин маалыматына ылайык, 2016-жылы тоңдурулган балык, молююскалар, сурими 74,82 миң тонна импорттолгон. Алардын баасы 139,74 млн долларды түзгөн. Бул 2015-жылга салыштырмалуу 67 миң тоннага же 119,28 млн долларга көп.

Ошондой эле ЕЭК коллегиясы ЕАЭБге мүчө өлкөлөрүнүн ортосунда кызматтык жана жарандык куралдарга уруксат берүүчү документтин бирдиктүү түрүн бекитти.

ЕЭКтин өндүрүш жана агроөндүрүш комплекси боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Сергей Сидорский айыл-чарба тармагына жеңилдетилген насыяларды берүүдө банктарга компенсация берүүгө, сүт берүүчү малдар үчүн субсидия берүүгө каражат каралганын кошумчалады.
ЕЭК министри 2017-жылы ЕАЭБдеги Казакстан менен Кыргызстандан тышкаркы бардык өлкөлөрдө айыл-чарба тармагын каржылоо азайганын билдирди. Казакстанда 2016-жылга салыштырмалуу бул тармакты каржылоо 31,5% ал эми Кыргызстанда 27% жогорулаган. Жалпысынан айыл-чарбасын колдоо быйыл Арменияда 47,1 млн доллар, Беларусияда – 1055,8 млн доллар, Казакстанда – 931,9 млн доллар, Кыргызсстанда – 24,1 млн доллар, Орусияда — 4159,0 млн доллаор болгон.

ЕЭК коллегиясы айыл-чарбасынын мамлекет тарабынан колдоо табуусу боюнча сунушту колдоду.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости