Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Дайыр Кенекеев 11-апрелде, Бишкек шаарында мыкты муниципалдык практикалардын V Эл аралык форумунун пленардык жыйына катышты.
Вице-премьер-министр иш-чаранын катышуучулары алдында сөз сүйлөп жатып, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын деңгээлинде ассоциация жана союздар аркылуу кызматташуу – бул өлкөлөр ортосундагы достук мамилелерди өнүктүрүүнүн негизги компоненти экенин белгиледи.
«Форумдун быйыл өлкөбүздүн Президенти «Региондорду өнүктүрүү жылы» катары жарыялаган мезгилде өтүп жатышы айрыкча маанилүү. Алгылыктуу тажрыйбаны үйрөнүү, ошондой эле алардын эң мыктыларын өздөрүнүн шаарларына жана айылдарына кийрүү үчүн биздин өлкөнүн муниципалитет башчыларына мыкты мунипалдык тажрыйбалар менен таанышуусу пайдалуу болот», – деп белгиледи Дайыр Кенекеев.
Вице-премьер-министр өлкөнүн санариптик трансформациясы боюнча реформалары камтылган «Жаңы доорго кырк кадам» Өкмөттүк программасынын негизги багыттарына токтолду.
«Биз жарандарыбыз үчүн мамлекеттик органдардагы жана Өкмөттөгү процесстерди ачык жана таза өткөргүбүз келет. Ошондой эле аталган программа өзүнө шаардык инфраструктураны өнүктүрүү боюнча иш чараларды камтыйт. Эң башкы максат – заманбап технологияларды колдонуу менен шаардыктардын жашоо шартын ыңгайлаштыруу» – деди ал.
Иш чарага дүйнөнүн 9 өлкөсүнөн муниципалитеттердин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышты.
Маалымат иретинде: «Мыкты муниципалдык практикалардын» форуму алгач 2013-жылы Пенза шаарында (Россия Федерациясы) өткөн. 2016-жылдан тартып Форум Эл аралык иш-чара статусуна ээ болгон. Форумдун башкы максаты – шаарлардын муниципалдык жана эл аралык деңгээлде башкаруу тажрыйбасы менен алмашуу.