Вице-премьер-министр 6 жыл аралыгында өлкөдө коррупциялык көрүнүштөрдү алдын алуу жана алардын кесепеттери менен күрөшү иш-чаралары барган сайын эффективдүү ишке ашып жатат деп белгилеп кетти.
Ошондой эле акыркы жылдарда мамлекеттик саясатынын негизги приоритети болуп калган коррупция менен системдүү күрөш барган сайын күчөтүлөт.
Мамлекеттик орган жетекчилери өздөрү жетектеген министрлик жана ведомстволордо, аны алдын алуу боюнча жарандык коом өкүлдөрү жана активисттер менен туруктуу негизде таасирдүү механизмдерди иштеп чыгып жана жакшыртып туруусу зарыл экенин айтты.
Вице-премьер-министр коррупция менен күрөшүү Кыргыз Респуликасынын Өкмөтүнүн «Жаны доорго – кырк кадам» программасында өзүнүн жүзүн тапты деп кошумчалады.
Ал ошондой эле, Өкмөт жарандардын укуктук аң сезиминин өзгөртүүгө багытталган ири масштабдагы маалымат жана агартуучу ишти жүргүзүү жолу менен коррупциялык көрүнүштөргө терсаяктык сезимдерин калыптандырат деп белгилеп кетти.
Вице-премьер-министр Коопсуздук Кеңеш катчылыгы жана Башкы прокуратура менен бирдикте туруктуу негизде мамлекеттик органдардагы системдүү коррупцияны демантаждоо пландарын ишке ашырууда бирдиктүү мониториг жүрүп жатканын белгиледи.
«Өткөрүлгөн верификация жана башка текшерүүлөрдүн жыйынтыгы Өкмөттүн жыйынына чыгарылып, анын натыйжасында бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилери коррупцияга каршы тийиштүү иш-чараларды жүргүзбөгөндүгү үчүн дисциплинардуу жоопкерчиликке тартылат», – деди Дайыр Кенекеев.