Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Давос шаарында (Швейцария) Дүйнөлүк экономикалык форумдун 48-сессиясынын ачылышына катышты.
Иш-чаранын ачылышына карата Дүйнөлүк экономикалык форумдун Аткаруучу директору Клаус Шваб сөз сүйлөдү.
Бүгүн, 23-январда, экономикалык форумдун ишинин алкагында Өкмөт башчы беш сессиянын ишине катышат. Мындан тышкары, Колумбия университетинин улук аткаручу вице-президенти Джеральд М. Росберг, Индиянын Мамлекеттик тышкы иштер министри Мушабар Джавад Акбар, Грузиянын Премьер-министри Георгий Квирикашвили, ошондой эле ири эл аралык компаниялардын жетекчилери менен бир катар жолугушулары пландаштырылган.
Мындан тышкары, делегация башчыларын кабыл алуу алкагында Премьер-министр Сапар Исаковдун Швейцариянын Президенти Ален Берсе менен жолугушуусу күтүлүүдө.