• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Дандар жана тоют кошулмалары ЕАЭБдин аймагында ветеринардык текшерүүдөн өтөт.

????????????????????????????????????

👁 1,094

17-майда Москва шаарында Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) Кеңешинин кезектеги жыйыны өттү.

Жыйынга Армения Республикасы, Беларусь Республикасы, Казахстан Республикасы жана Россия Федерациясы, ЕЭК Коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян, Коллегиянын мүчөлөрү ЕЭК (министрлери) катышты.

Экономика, соода, бажы декларациялары, транспорт жана дары-дармек саясатын жөнгө салуу тууралуу маселелер талкууланды.

Евразия Экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) кеңешинин жыйынтыгында ЕАЭБ мындан аркы интеграциялык өнүгүүсүнө багытталган бир катар документтер жактырылды.

Жыйында ЕЭК кеңеши Евразиялык биримдикке мүчө өлкөлөрдө электрондук автопаспортторду киргизүү зарылдыгын дагы бир жолу белгилеп, биримдикке мүчө өлкөлөрдүн өкмөттөрүнө электрондук инфраструктураны колдонуу мүмкүнчүлүгүн ачуу жана системанын ишин баштоону камсыз кылуу үчүн нормативдик укуктук актыларды кабыл алууну сунуштады.

ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде унааларды жана башка паспорт керек болгон техникаларды чыгарган органдардын бирдиктүү тизмесин түзүү зарыл.

Электрондук паспорту бар унаа каражаттарын каттоодо жана ага өзгөртүүлөрдү киргизүүдө нормативдик актылар жардамга келет.

ЕЭК кеңеши “Балдар ойноочу аянттардагы жабуулардын коопсуздугу тууралуу” ЕАЭБдин техникалык регламентин кабыл алды.

Документте балдар ойноочу аянттардагы жабдуулардын коопсуздугу жана аларды долбоорлоо, өндүрүү, колдонуу, ташуу жана сактоого байланышкан талаптар көрсөтүлгөн.

ЕЭК кеңеши кабыл алган чечимге ылайык, балдар ойноочу аянтка байланышкан техникалык регламент 2018-жылдын ноябрь айында күчүнө кирет.

Жыйында дандарды жана тоют кошулмаларын ветеринардык текшерүүгө жаткан товарлардын тизмесине киргизүү чечимин кабыл алды.

Бул Биримдикке мүчө мамлекеттердин эпизоотикалык абалын сактоого мүмкүнчүлүк берет.

Дандар жана тоют кошулмалары малдарга жем берүүдө колдонулгандыктан мал багуунун бир бөлүгү болуп саналат. Бул тармакта ветеринардык көзөмөл жүргүзүү ветеринардык кооптуулуктарды азайтып, айыл-чарба өнүмүнүн “талаадан столго” чейинки жолун аныктайт.

Ошондой эле ЕЭК кеңешинин мүчөлөрү “ЕАЭБдин алкагында дары жана медициналык каражаттарын жөнгө салуу тууралуу актыларды” жактырышты.

Бул буйрукка ылайык, ЕЭК ЕАЭБдеги мамлекеттик органдар менен бирге 2017–2019-жылдары 25 документти иштеп чыгып, кабыл алуусу керек, алардын 20сы дары каражаттарынын айлануусуна, 5и медициналык каражаттарга байланыштуу.

Алардын ичинен:

–дары каражаттарынын туруктуулугун иликтөө талабы;

- дары каражаттарынын кошулмаларын иликтөө жана аларга талап коюу;

–дарыга керек болгон өсүмдүктөрдү өстүрүү, чогултуу, сактоо эрежелери;

–клиникалык изилдөөлөрдү өткөрүүгө уруксат берүү-жары каражаттарын тандоо жана алардын өлчөмүн бекитүү ж.б.

Ийленүүчү нерселерге карата ЕАЭБдеги тарифтер каралып, ЕЭК кеңеши бажы салыгын алып салды. Сөз бут кийим жасоодо колдонулуучу терилер тууралуу болууда.

Ийленүүчү нерселерге бажы салыгын алып салуу 2019-жылдын 30-июнуна чейин болмокчу.

ЕАЭБдин алкагында ийленүүчү заттарды өңдүрүү жоктугуна байланыштуу кабыл алынган чечим териге байланышкан өндүрүштүн пайда болушуна жана териден бут кийим жасоочуларга жакшы колдоо болот.

ЕЭК кеңешинин чечими ал расмий кабыл алынган күндөн 30 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

ЕЭК кеңешинин “ЕАЭБде товарларды маркировкалоо системасын өнүктүрүү жөнүндө” буйругун кабыл алды.

Буйрук идентификациялоо аркылуу маркировкалоо жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бул үчүн бланкалар даярдалат.

Буйрук ЕЭКтин сайтына расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Бул ЕАЭБдин алкагында түзүлгөн он экинчи технологиялык платформа. Ал мүчө мамлекеттердин илимий жана илимий-өндүрүштүк уюмдарынын башын бириктирет. Анын максаты – инновациялык металлургиялык өнүмдөрдү чыгаруу боюнча заманбап тармакты түзүүгө жардам берет.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости