• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Дүйшөмбү шаарында КМШ Өкмөт башчылар кеңешинин кезектиги жыйыны өтүүдө

9

👁 567

Бүгүн, 1-июнда, Дүйшөмбү шаарында (Тажикстан Республикасы) Көзкарандысыз мамлекеттер шериктештигинин Өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйыны өтүүдө, ага Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев катышууда.
Жыйындын башталышында тар чөйрөдө КМШ мүчө-мамлекеттеринин делегация башчыларынын Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон жана КМШ Аткаруу комитетинин Төрагасы Сергей Лебедев менен биргеликте сүрөткө түшүү салтанаты өттү.
Жыйындын жүрүшүндө Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Шериктештик мурдагы советтик мейкиндикте бардык интеграциялык процесстердин негизи болуп туруп, ар тараптуу кызматташууну өнүктүрүү үчүн маанилүү сүйлөшүү аянтчасы бойдон каларын белгиледи.
«Шериктештиктин мейкиндигинде туруктуу социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү камсыздоо жана жарандарыбыздын бакубатчылыгын жогорулатуу максатында индустриализациялоо жана модернизациялоо процесстерин биргеликте илгерилетүү үчүн КМШнын потенциалын максималдуу пайдалануу маанилүү деп эсептейбиз. Биздин жыйындын күн тартибинде өнөр жайын мындан аркы өнүктүрүүнүн маанилүү аспектилеринин бири болгон инновациялык өнүгүү маселелеринин камтылышы кубандырат. Буга байланыштуу биз 2020-жылга чейинки мезгилде Мамлекеттер аралык инновациялык кызматташуунун максаттуу программасын таасирдүү ишке ашырууга терең ишеним артабыз», — деп белгиледи ал.
Айлана чөйрөнүн булгануу маселелеринин актуалдуулугун эске алуу менен Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтү «жашыл» технологияларды пайдалануу жаатында кызматташууга өзгөчө көңүл буруп, энергетиканы инновациялык өнүктүрүү жана алдыңкы энергетикалык технологияларды иштеп чыгуу тармагында кызматташуу Концепциясын ишке ашыруу боюнча алдынкы иш-чаралардын Планы боюнча биргелешкен иштерди күчтөндүрө турганын ырастады.
«Гуманитардык кызматташуу тармагында биздин Өкмөттүн күч-аракеттери жалпы билим берүү, илим, маалымат жана маданий мейкиндикти өнүктүрүүгө багытталат. Аны менен бирге биздин Уюмдун күн тартибинин негизги маселелери катары — азыркы кырдаалда кыйла актуалдуу болгон экономикалык кызматташуунун натыйжалуулугун жогорулатуу, биргелешкен күч-аракеттерди консолидациялоо жана өз ара колдоо көрсөтүү болуп кала берет», — деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.
Премьер-министр кыргыз тарап эркин соода аймагы жөнүндө Макулдашууну ишке ашыруунун алкагында өз ара товар жүгүртүүнүн өсүүсү үчүн тенденцияны колдоо жана максималдуу ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында соодадагы коргоо чараларын жана тоскоолдуктарын кыскартуу боюнча туруктуу иштерди улантууга чакырарына көңүл бурдурду.
Жыйынтыгында Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев сентярбрда Ысык-Көлдүн жээгинде Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөрүн кошумчалады.
«Буга байланыштуу маданий жана спорттук байланыштарды илгерилетүү жана бекемдөө боюнча кызматташуунун алкагында бул өзгөчө, кеңири эл аралык иш-чарага сиздердин командалардын салттуу түрдө катышарына ишеним билдирем», - деп жыйынтыктады ал.
Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости