Жолугушууда тараптар өз ара кызматташуунун алдыдагы мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Өкмөт башчы Сапар Исаков талкуунун жүрүшүндө Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жана инвесторлордун ишин жөнгө салган мыйзамдары тууралуу айтып берди.
Андан тышкары Премьер-министр жана «Abu-Dhabi Islamic Bank» башкы директору кызматташуунун приоритеттүү багыттарын талкуулашты. Тактап айтканда, айыл чарбага, туризм жана кыймылсыз мүлктү инвестициялоо тууралуу маселелерди тууралуу болду.
Ошондой эле, тараптар Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана «Abu-Dhabi Islamic Bank» ортосундагы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Премьер-министр Банктын өкүлдөрүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү изилдөө үчүн Кыргызстанга чакырды.
Банктын башкы директору Кыргызстанга инвестициялоонун мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгууга даяр экенин белгиледи. Ал ошондой эле, Кыргыз Республикасына келип кетүүгө жана абалды изилдеп, ага катар маморгандар жана жергиликтүү компаниялар жана кызыктар тараптар үчүн санариптик көндүмдөр боюнча кеңештерди берүүгө даяр экенин билдирди.