Акыркы күндөрү өлкөбүздө саясатчыларды эмгек акысы тууралуу маселелер көп талкууга алына баштады. Өзгөчө оппозициялык маанайдагы жана нейтралдуу пресса дагы Кыргыз Республикасынын Президенти Атамбаев Алмаз Шаршеновичтин маянасы тууралуу кеп кылып келет. Албетте, буга алдыда боло турган президенттик шайлоо түрткү болууда.
Антиконституционную национализацию 2010 года решили пересмотреть. Но тоже антиконституционно.
Оппозициялык партиянын лидери Өмүрбек Текебаев бул маселени кабыргасынан койду. “Атамбаев кирешеси тууралуу эл алдында отчёт берсин. Анын чыгымдары кандайча кирешесинен көп болуп жатат?”-деп ММК өкүлдөрүн чакырып коомчулукка өзүнүн кыймылсыз мүлктөрүн көрсөткөн.
Муну менен катар эле ал ага жазылган имараттар анын менчиги эмес экенин, ал мүлктөр партияныкы экенин айтып чыккан.
Мындан кийин эле Кыргызстанда эле эмес мурунку совет өлкөлөрүнүн ичиндеги бардык мамлекеттерде Ө.Текебаевдин, С.Жапаровдун жана башкалардын камалганы боюнча талкуулар жүрө баштады. Коррупция менен алектенген деген кине коюлду.
Андан соң Президент Алмазбек Атамбаев көргөзмө акция жасагандай эле болду, Башкы прокурорду чакырып, негизги кирешеси тууралуу маалымат берди. Анда Түркиядагы бизнесинин сатылышынан улам каражаттарды тапканын жар салды. Киреше 35 миллион долларды түзөрү белгилүү болду. Бирок бул маалыматтар коомчулукту тынчтандырбай эле талкуулар, талаш-тартыштар көбөйө берди. Себеби башкалардын чөнтөгүндөгү каражаттарды саноо, өзгөчө Президенттикин эсептөө биздин элдин жакшы көргөн иштеринин бири эмеспи.
Атамбаевин Түркиядагы келишими боюнча алгачкылардан болуп эсеп жүргүзгөн активист Эдил Байсалов болду. Анын маалыматына ылайык, Атамбаев келишим үчүн 35 млн доллар эмес, 26 миң 881 доллар болгон.
По фактам коррупции в прошлом году было возбуждено 704 уголовных дел
Ал өзүнө гана түшүнүктүү механизмдер менен эсептеп чыккан, бирок эки сумманын ортосундагы айырма өтө эле чоң болгон. Мындан кийин «Zanoza» гезити дагы кайра эсептөө жүргүзүп, сумма Байсаловдукуна барабар болгон. Ошондо Президенттин маалыматтык саясат бөлүмү тактоо пресс-релизин тараткан, бирок сумма бары бир 35 млн долларга жакын болгон.
Ошентип азыр абал кыл көпүрөдө турат. Шайлоо алдындагы мындай маалыматтар PR акция экенин түшүнүп эле турушат. Ошондуктан республикадагы чыныгы кирешелер жана чыгашалар тууралуу жыйынтык чыгаруу оор.
Бирок ошентсе дагы биздин Президент аз же көп айлык алабы билиш үчүн дүйнөлүк лидерлердин расмий маянасын салыштырып көрсө болот.
Эми ар бир өлкөнүн лидерлеринин маянасын чалыштырып көрөлү, эмгек акылар ортосунда өтө чоң айырмачылыктар бар.
Акыркы бир нече жылда бир дагы өлкө лидери Сингапурдун премьер-министри Ли Сянь Лун алган маяна ала элек. Ал 2008-жылдан 2012-жылга чейин коомчулук анын маянасынын суммасын 28%га кыскартууга мажбурлай электе 2 856 930 доллар тапкан. Ал эми 2015-жылы анын бир жылдык айлыгы 1,7 млн доллар болгон. Бул каражат Франциянын, Германиянын, Италиянын, Япониянын, Улуу Британиянын Президенттерине 1 жылдык эмгек акысын төлөөгө жетмек.
Өз кызматын Трампка өткөрүп берген АКШнын экс-президенти Барак Обама жылына 400 миң доллар алчу, башкача айтканда Ли Сянь Лундан бир топ аз. Бирок эл аралык стандарттарга ылайык, бул жакшы маяна.
Канаданын премьер-министри Стивен Харпер жылына 260 миң доллар табат, ал эми Ангела Меркель — $234 400. Бирок Германиянын канцлери европалыктар арасында биринчи орунда турат. Мындан сырткары кызматтык чыгымдар үчүн ага кошумча каражат бөлүнөт. Ал бундестагдын депутаты дагы болгондуктан жылына жалпы 290 мин евро алат.
Француз лидери Франсуа Олланд 2012-жылы кызматка киришкенде айлыгынын 30%ын кесип салган. Болбосо ал бир топ акча алып, рейтингде бир топ жогорку орунда болмок.
Орусиянын президент Владимир Путиндин маянасын карай турган болсок эл аралык рейтингде анын эмгек акысы өтө деле жогору эмес – жылына 136 миң доллар. Бирок орусиялык лидер Кытай лидери Си Цзиньпинден бир топ көп айлык алат. 2015-жылы Си Цзиньпинди маянасы 62%га жогорулаганына карабастан анын маянасы болгону 22 миң доллар.
Италиянын лидери Маттео Ренци дагы Путинден аз айлык алчу. Анын маянасы жылына 124 600 доллар. Улуу Британиянын премьери Тереза Мэй жылына 215 миң доллар алса, Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ –203 миң доллар алат.
Ал эми Түркиянын президенти Реджеп Тайип Эрдоган расмий түрдө жылына 197 миң доллар алат. Балким референдумдан соң анын өлкөнү башкаруу жоопкерчилиги күчөгөндүктөн маянасы дагы жогорулайт чыгар.
Начался прием заявок на конкурс «Евразийские цифровые платформы»
АКШнын жана Орусиянын лидерлеринин маянасына кайрылалы.
АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп CBS телекомпаниясына берген маегинде маяна алуудан баш тартарын айткан. “Мен бул тууралуу эч качан айткан эмесмин, жообум – жок. Мыйзамга ылайык, мен жылына 1 доллар кабыл алуума туура келет”,-деген Трамп.
Ал эми Орусиянын президенти 2015-жылы 1-мартта экономикалык кризиске байланыштуу өзүнүн айлыгын 10 пайызга кыскарткан. Бирок инфляцияны эске алуу менен анын маянасын долларга которсок кайрадан эле мурунку сумма келип чыгышы ыктымал.
Мурун советтер союзуна кирген өлкөлөрдө абал кандай? КМШнын көпчүлүк өлкөлөрүнүн Президенттеринин айлыктары алардын чыныгы кирешеси менен барабар эмес экени белгилүү. Бирок лидерлер кандайдыр бир цифраларды жарыялап келишет.
Биздин Президент 2015-жылы маяна катары 1 298 448 сом алган, бул айына 1 614 доллар. Мындай эмгек акы менен Атамбаев үй-бүлөсүнө каражатты маянасынан эмес, чогулткан акчалардан короткону түшүнүктүү.
Ал эми Казакстандын президентинин маянасы бир маалыматтар боюнча айына 10 миң доллар болсо, башка маалыматтарга ылайык, айына 2000 доллар.
Депутат Нышанов: Дороги, построенные 40 лет назад до сих пор в нормальном состоянии. Почему?
Литванын ажосу Дали Грибаускайтенин айлыгы айына 7 800 доллар. Калгандарыныкы бир топ аз. Бул тууралуу маалыматты тизмеден көрө аласыз:
Георгий Маргвелашвили (Грузия) — айына 3 000$,
Александр Лукашенко (Беларусь) — айына 2 300 $,
Өзбекстандын Президенти— айына 1 300 $,
Эмомали Рахмон (Тажикистан) — айына 1 100$.
КМШ өлкөлөрүнүн ичинен эң аз маяна долларга которгондо Украинанын президенти Петр Порошенконуку. 2015-жылдын 19-февралындагы курска жараша анын айлыгы айына болгону 970 доллар болгон.
Ошентип биздин Президенттин айлыгы КМШ өлкөлөрүнүн лидерлеринин тизмесинин арасында аяк жактагы орунду ээлери белгилүү болду. Албетте, биз ар бир өлкөдөгү жашоо деңгээлин эске алган жокпуз. Мисалы, АКШдагы 1615 доллар деген айлык Өзбекстанда биздегиге караганда бир топ жогору болуп саналат. Бирок бул экономиканын жана статистиканын иши.
Өлкө ажолорунун маяналарын салыштыруу менен кандай натыйжа чыгарсак болот?
Бир натыйжа: Алар бизге эч нерсе тууралуу айтпайт!
Сингапур менен Гонконгдун лидерлеринин маянасын эч кимдики менен салыштырып болбойт. Бирок бул өлкө жетекчилеринин көп маяна алуусу коррупция менен катуу күрөш жүрүп жатканынан кабар берет, башкача айтканда катуу чараларды гана көрбөстөн жогору эмгек акы төлөп берүү аркылуу аткаминерлердин элди “тоноо” адатын калтырууну көздөшүүдө.
Балким биз дагы ушул жол менен кетебиз? Башкача айтканда, Кыргызстандагы коомчулук келечектеги Президентке өлкө бюджетинен көп маяна бөлүп берер? Ага азыркыдай айына 1614 доллар эмес, мисалы 10 000 доллар маяна коюп беребиз? Ошондо андан талап кылуу да оңой болот.
Макаланы белгилүү бизнесмен Генри Форддун сөзү менен аяктайлы: “Эгерде сиз кимдир бирөөдөн иш үчүн өз убактысын жана энергиясын берүүнү талап кылып жатсаңыз, анда ал каржылык кыйынчылыкка туш келбесин, аны камсыз кылыңыз”.