• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Дүйнөлүк финансисттердин рейтинги.

dzhumgal-14

👁 1,490

Бардык банктардын келечеги технологиянын өнүгүүсүнөн көз каранды. ЭКОНОМИКАнын редакциясы банк ишин өзгөртүп жаткан дүйнөлүк финансисттер менен окурмандарды тааныштырат.

Бретт Кинг

Бретт Кинг «Банк 2.0» и «Банк 3.0» деп аталган китептердин автору катары таанымал. Дал ушул адам келечек мобилдик тиркемелерде экендиги айткан жана алар карталардын ордун басып, банктардын бөлүмдөрү жабыларын билдирген. Ал учурда бул нерсе реалдуу эместей туюлчу, бирок баары Бретт айткандай болду. 2013-жылы ал азыркы банктык системди кармап кереги жок экенин билдирген.

“Келечек жаркын жана сонундай сезилет. Биз азыркы системаны кармап кала алабыз деп ойлойбуз, бирок ал буга татыктуу эмес. Ал система келечектеги банкингге салыштырмалуу өтө чектелген”,-деген Бретт Кинг Infobank.byга берген маегинде.

Ошондой эле ал 2015–2016-жылдары көпчүлүк адамдар банк менен телефон аркылуу байланышып каларын айткан. Чынында эле алыста туруп банк менен байланышуу өнүгүп жатпайбы. Банктар жагы кардарларга жакын болушу үчүн чаттарды түзө башташты.

Бретт Кинг СЕО Movenbankтын түзүүчүсү. Бул компания необанкты эске салат. Moven банктын өнүмүн жана колдонуучуну байланыштырып турган мобилдик платформа.

Марк Маллен

Өткөн жылы берген маектеринин биринде Марк Маллен банктык жана финансылык кызматтарда иштеген көпчүлүк сыяктуу эле амбициясы болбогонун айткан. 2013-жылы ага Metro Bankтын негиздөөчүсү жана мурунку төрагасы Энтони Томсон кайрылган.

“Мен технологияга жана интернетке көп көңүл бурчумун, ал эми анда болсо банкты түзүү жана капитал тартуу боюнча тажрыйбасы бар болчу, бул биргеликте иштөө үчүн жакшы башталыш болду”,-дейт ал.

Натыйжада 2014-жылдын апрель айында санариптик Atom Bank түзүлгөн. 2015-жылдын ноябрь айында болсо Испаниянын BBVA банкы бул санарип банкка 45 млн фунт салган натыйжада бизнестин 29,5% акциясына ээ болгон. Учурда Atom орто жана чакан бизнес үчүн насыя берет.

“Atomдогу ар бир кадам баары жеңил жана жөнөкөй болуусу үчүн жасалат. Биз бюрократияны жана кагаз менен иштөөнү жаман көрөбүз, ошондуктан биз аларды лексиконубуздан алып салганбыз. Биз өзүбүз ишенбеген бир да нерсени жасабайбыз”,-деген Маллен.

Герман Греф

Саясаттан кетүү менен Герман Греф Орусиядагы ири банктардын бири болгон Сбербанкты жетктеп калган. Натыйжада ал бул жайдан Google, Amazon жана Facebook менен теңтайлаша турган санариптик гигантты түзүү тапшырмасын койгон. Ал учурдун талабына ылайык, банктардын баары тез жана азыркы маалда кызмат көрсөтүшү керектигин айткан.

Ал үчүн банк – ири ИТ-компания, ошондуктан digital-технологияларды өнүктүрүү керек деп санайт ал. “Эгерде сен digital-технологияларды билбесең сен өз тармагыңда кесипкөй боло албайсың”,-деген ал.

2015-жылы эле акционерлердин чогулушунда Герман Греф Сбербанк банкингде санарип технологиялары боюнча драйверлердин бири болорун айткан. Айтымында, жакынкы 5 жылда Сбербанк үчүн маанилүү багыт-технологиялык жактан өнүгүү болуп саналат.

Ушул жылдын февраль айында Сочиде өткөн конференцияда Греф Сбербанк 2018-жылдын акырында толугу менен санарипке өтөрүн билдирген. “2018-жылдын аягына чейин биз толугу менен санарип уюму болушубуз керек, кагаз менен байланышкан бир дагы процесс болбошу керек”,-деген ал.

Маттиас Кронер

“Биз социалдык түйүндөрдүн өнүгүп жатканын карап алар банк тармагына жана башка: коммуникация, жарнама, музыкалык индустрияга таасир берерине көзүбүз жеткен. Жаңы түрдөгү банк түзүү үчүн бул жетиштүү болчу. Ал учурда өнөктөштөрүм менен биргеликте түзгөн инновациялык долбоорлорго инвестиция салган Келш, Кронер и Ко компаниябыз бар болчу. Бул бутик натыйжада Fidor Bank болуп калды”

2007-жылы алар банк лицензиясын алуу үчүн кайрылып 2009-жылы аны алышкан.

“Экономикалык кризис кыжырыбызга тийип турду, кээде токтотуп коелу деп да ойлоп кетчүбүз. Бир чети ошол учурдагы оюнчулар өздөрү түзгөн шарттан кантип чыгары кызыктырчу. Биз адамдар банкирлерди кантип жек көрүп жатканын жана аларды банкстер деп атап жатышканын көрчүбүз. Бул биз үчүн жакшы белги болду. Бул Fidor үчүн керек болчу”,-деген ал.

“Банктар кризис учурунда жоготконун биз таап алгыбыз келет – бул ишеним”,-дейт Fidor Bankтын негиздөөчүсү. Бирок ал банк финтех-компания эмес экенин билдирген.

Олег Тиньков

2006-жылы белгилүү ишкер Олег Тиньков Москвадагы Химмашбанкты сатып алган. Тал ошол жерден алгачкылардан болуп алсытан кызмат көрсөтүүнү баштаган Тинькофф банктын тарыхы башталат.

“Мен негиздөөчүмүн, мага ушундай жагат. Кааласаңар — визионер, бирок манагер деп атабагыла, анткени мен начар жетекчи, жаман менеджермин, бирок менин кесиптештерим бар”,-деген Олег Тиньков.

“Мен банк курам деп ойлочумун, чындыгында IT-компания түзүп койдум. Бирөөлөрдүн көзүнчө банкир болуп көрүнүү мени көп кызыктырбайт. Анткени банк – бул бүттү, 5 жылдан кийин банктар болбойт” ‚-деген ал.

Анне Боден

“Amazon компаниясы сатып алууларды трансформациялаган, iTunes тиркемеси аркылуу музыка угууга мүмкүнчүлүк ачылган. Буга чейин мындай нерсени эч ким колдонгон эмес”,-дейт Анне Боден. Дал ошондуктан Британияда санариптик Starling Bank пайда болгон. Анын сайтында жазылгандай, банктын түзүүчүсү бир жыл дүйнөнү кыдыргандан кийин технология тармагындагы акыркы жаңычылыктар менен тааныш болгону жазылат.

Starling Bank бир гана өнүмдү тартуулоону чечкен – эсептешүү эсептер жана төлөмдөр.

Валентин Штальф

“N26 — бул тозоктон бир стакан суу ичкенге барабар” TechCrunch гезити N26 деп аталган немис банкын дал ушундай сүрөттөгөн. Банк Берлинде орун алганы менен мобилдик аппараттарды колдонуу менен бүткүл Европаны багынтууга кам көрүп келет.

“Жакынкы жылдары биздин кардарлардын саны 2 миллиондон ашуусун максат кылганбыз”,-дейт N26 банкынын негиздөөчүсү жана аткаруучу директору Валентин Штальф. 2016-жылы банк структурасы 300 миң кардардын көңулүн буруп, операциялардын санын 7 эсеге көбөйткөн.

“Салттуу банктар санарип талап кылган кардарлардын талаптарына ылайыкташа албайт. Number26 банкынын кызматына талап фантастикалуу болду жана биз жаңы рынокторду багынтууга даярбыз”,-деген Валентин Штальф.

Том Бломфилд

“Мен ойгонорум менен өзүмө: менин банкым начар, бул балдар болсо динозаврлар” деп айтам. Алардын кадамдары мени, үй-бүлөмдү, досторумду согуп жаткандай. Баарыбызга жакшы банк кызматы керек, ал болсо жөн гана жок”,-дейт Том Бломфилд.

Бломфилддин айтымында, Mondo финансылык тармакта Google же Facebook сыяктуу болот. Банк менен колдонуу, электрондук почта аркылуу кат жөнөтүүдөй жөнөкөй болот. Максаттык аудиториясы – бир нече секундда банктык операцияларды жүргүзүүнү баалаган смартфондорду активдүү колдонуучулар болот.

Натыйжада 2015-жылы банк түзүлүп, Monzo Bank деп аталышы өзгөргөн.

“2016-жылдын октябрь айында сервис 4,8 млн фунт стерлингди тартып, инвестициялардын саны 12,8 млн фунт стерлинг болгон”,-деп жазат «Прайс». “Биз планетадагы эң мыкты банкты куруп жатабыз жана силер дагы биз менен болууңузду каалайбыз”,-деген ураанды карманат банк.

Банктык тармактан сырткары Том Бломфилд банк ишинин келечеги тууралуу докладдар менен чыгып турат.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости