• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Дүйнөлүк банк 3 облустун 53 айылын таза суу менен камсыз кылууга 43 млн 200 миӊ доллар каражат бөлөт

👁 709

Жогорку Кеӊеште КР Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциясынын ортосундагы “Айылдарды таза суу менен жабдууну жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү” долбоорун кошумча каржылоо жөнүндө макулдашуу боюнча ратификациялык мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Макулдашууга ылайык, Дүйнөлүк банк айылдарды таза суу менен камсыз кылуу багытында 43 млн 200 миӊ доллар өлчөмүндө каражат бөлөт. Жалпы каражаттын 11 млн 900 миӊ доллары гранттык каражат, ал эми 14 млн 500 миӊ доллар жеӊилдетилген насыя болуп саналат. Насыя 38 жылдык мөөнөткө 0,75 пайыздуу үстөгү менен берилүүдө. Каражат Чүй, Ысык-Көл, Ош облустарынын 53 айылын таза суу менен камсыз кылууга жумшалмакчы.

КР Өкмөтү “Айылдарды таза суу менен жабдууну жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү” долбоорун 7 млн 200 миӊ доллар көлөмүндө кошумча каржылоого тийиш.

Депутаттар тарабынан айылдарды таза суу менен камсыз кылуу жаатында элет тургундарынын нааразычылыгы көп экени, ошондуктан өлкөнүн башка аймактарына да көӊүл буруу, курулуштардын сапатына көзөмөлдү күчөтүү, эл аралык каржы донорлорунан алынган каражатты сарамжалдуу жана өз багытында пайдалануу боюнча ой-пикирлер айтылды.

Өкмөт өкүлү айылдарды таза суу менен камсыз кылуу боюнча башка долбоорлор боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын, анын жыйынтыгында калган аймактар да долбоорго камтыла турганын билдирген. Таза суу менен камсыз кылуу курулуштарын курчу фирмалар тендер аркылуу тандалып алынып, суунун тарифи жергиликтүү кеӊештер тарабынан коюлары белгилүү болду.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү стратегиясына ылайык, 2026-жылга чейин өлкөнүн баардык айылдары таза суу менен камсыз кылынууга тийиш. Бирок, Президент аны 2023-жылга чейин бүтүрүү тапшырмасын берген. Өкмөт эл аралык уюмдардын жардамы менен ушул багытта аракет жасайт.
Ушу тапта Кыргызстанда таза суу менен камсыз кылуу курулуштары менен алектенген 1300 жеке подряддык фирма бар. Айрым аймактарда, айрыкча райондордун борборлорунда муниципалдык фирмалар да түзүлүүдө. Чет өлкөлүк компаниялар да тендерлерге чектөөсүз катыша алат.
Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости