Банктар көптөн бери блокчейн электрондук технологиясына өтүүнү самап жүрүшөт, себеби ал каржылык операцияларды тездетүүгө жардам берет. Эми алар баардык тобокелчиликтерди изилдеп чыгышып, масштабдуу эксперимент жүргүзүүгө даяр болуп турган кездери. UBS жана Clearmatics Technologies ИТ-компаниясы 2015-жылы USC — «utility settlement coin» деген нерсени иштеп чыгышкан, бирок эми гана бул долбоорго дүйнөлүк ири банктар кошула башташты.
UBSтин стратегиялык инвестициялар жана инновациялар бөлүмүнүн жетекчиси Хайдер Джеффри борбордук банктар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын жана 2018-жылга карата долбоор жактырыларын билдирди.
USC менен колдонууда операциялардын тез болуусу гана пайда эмес, мындан сырткары инвестор компанияларга миллиарддаган киреше алып келет.
Джеффринин айтымында, биринчи этапта криптовалюта ар түрдүү валюталарда колдонулат. Мисалы, эгерде бир банк башка банкка 100 млн$, башка банкка 50 млн £ карыз болсо, USC менен тез арада каражатты которо алат.
Санарип тыйындарды акцияларды сатып алууга колдонуу үчүн баалуу кагаздар блокчейнге өткөрүлүшү керек, болбосо капиталга болгон талаптар күчүн жоготот.
Citi банкынын (америкалык банк. Ал CitiConnect долбоорунун алкагында блокчейн менен эксперимент жүргүзүп келет) кызматкери Моргана МакКенни салттуу валюталардын аналогдорун өкмөт колдосо криптовалюталарды кадимки жашоодо колдонуу жеңилдемек.
“Эгерде сизде санарип доллар болсо, сизде реалдуу доллар менен байланышкан санарип фунт болсо күнүмдүк жашооңузда санарип акчаларды көп колдонмоксуз”,-дейт ал.
Кытайдын улуттук банкы бир нече коммерциялык банктар менен бирге “кагаздагы транзакцияларды” баштаган дагы аны менен улуттук криптовалютасынын прототибин тестирлеген.
Биздин өлкөдө электрондук акчалар тууралуу маселе коомчулукту бир топ дүрбөлөңгө салды, а эми Улуттук банк электрондук валютаны ачуу тууралуу маселе боюнча качан ойлонот деген суроо ачык бойдон калууда.