“Кабар” маалымат агенттигиндеги маалымат жыйынында сүйлөп жатып, У.Озумбеков бул системаны 2018-жылдын июль айынын орто ченинде Мамлекеттик сатып алуулар порталында тесттик режимде ишке киргизүүнү пландап жатышканын белгиледи. Бул жаңычылдыктар сатып алуулардын жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү, ошондой эле сатып алуучу уюмдарга ыңгайлуулукту түзүү максатында киргизилип жатат.
Департаменттин жетекчиси У.Озумбеков “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору азыр Жогорку Кеңештин кароосунда экенин, аталган мыйзам долбоорунда мамлекеттик сатып алуулар системасындагы жөнөкөйлөтүү жол-жоболору сунушталганын белгиледи.
Маселен, сатып алуучу уюмдарына порталсыз эле, минималдуу чектик сумманын 3%ына чейинки кичине көлөмдөгү сатып алууларды конкурстарды өткөрүүнүн жыйынтыктарын сөзсүз түрдө порталга жайгаштыруу менен жүргүзүшүнө уруксат берүү сунушталат.