2014-жылы єз ишин баштаган булл ишкана учурда 160 адамды иш менен камсыздоодо. Тигїї цехинде негизинен ымыркайдан баштап бардык жаш курактагылардын ич кийимдери єндїрїлєт. Биз фабриканын жетекчиси, ишкер Чыныбек Ажыбеков менен Кыргызстандагы жеўил єнєр жайынын абалы, тигїї тармагындагы кыйынчылыктар, жеўилдиктер тууралуу маектештик.
–Негизинен чыгарган продукциябыздын 97 %ы экспортко кетет. Тактап айтканда, єндїрїлгєн товарыбыздын 60%дан ашыгы Россияга, 37%ы Казакстанга, ал эми 3%га жакыны ички рынокко кетет.
Европага чыгуу оўой болгон жок. Биздин жана Европа єкмєтїнїн чечими менен Европага пошлинасы жок сата турганга мїмкїнчїлїк ачылды. Ал їчїн тиешелїї талаптарга жооп беришибиз керек. Бул биринчи кезекте сапатуу, экологиялык жактан таза, ден соолугуўа терс таасир тийбегендей даярдалышы керек. Европага чыгуу биз їчїн чоў сыймык.
- Баасы єтє жогору же сапаты начар болсо рынокто єзїбїздєн єзїбїз сїрїлїп чыгып калмакпыз. Сапат жагынан тїрк, кытай, єзбек бренддеринен жакшы тигебиз. Бул отуруп алып єзїбїзгє берилген баа эмес, бизге алармандарыбыздан берген баа.
Бизде айына 800 миўден миллионго чейин даана кийим чыгат. Бул эки жарым жыл ичинде жакшы жетишкендик деп ойлойм. Себеби, башында 50–100 миўден тапшырык алып баштаганбыз эми минтип миллионго чыктык.
Бажы биримдигине кошулгандын аркасында тигїї тармагындагы кєпчїлїк майда, чоў ишканалар сырьенун кымбаттап кетишинен улам рыноктогу баага туруштук бере албай кєбї жабыр тартып калышты. Муну чечїї жолун дагы биз караштырганбыз.
Муну менен сырьего болгон кєз карандылык кандайдыр бир деўгээлде болсо да жоюлат. Сырьену болсо Єзбекстандан, Турциядан алабыз. 100 % пахтадан жасалган кездемелерден тигебиз. Колдоно турган жип, фурнитура сыяктууар кандай керектїї материалдарды Кытайдан алдырабыз.
- Бизде тигилген продукцияны Казакстан, Россия жакшы кабыл алат. Ошондой эле єндїргєн товарын сыртка чыгарууда ишкерлерге жакшы мїмкїнчїлїктєр бар. Ишкер єндїргєн товарын Евразиялык экономикалык аймакта таратуу їчїн шайкештик сертификатын алыш керек. Себеби, сырткы рынокто алгач шайкештик сертификатыў барбы деген суроо турат.
Ал эми кєбїндє ал нерсе жок. Єндїргєн продукцияны экспертизадан єткєрїї їчїн Кыргызстанда лаборатория жок, ал їчїн атайын арыз менен Москва же Алматыдан экспертизадан єтїї керек.
Мына ушул сертификат алууда бизде маселе бар. Болбосо Кыргызстандан чыккан товарлардын сапаты Турциянын сапатынан ашса ашат, асты кем калбайт деген сєздєрдї угуп калабыз. Рынокто орун алуу їчїн алгач сапатка кєўїл буруу керек.
- Бизде эмгек китепчесин ачып, кызматкерлер расмий тїрдє кабыл алынат. Соцфондго жана башка тєлємдєргє тєлєнєт. Фабрикабызда буга чейин колдонулбаган жаўы техникалар, жаўы тигїї машиналары бар.
Аларды баары эле тиге албагандыктан, алгач їйрєтїп, кадр даярдайбыз. Кызматкерлер 2 маал ысык тамак ичишет. 60 кишиге ылайыкталган жатаканабыз бар. Анда региондон же шаардын алыс жагынан келген кызматкерлер жашайт.
Андан сырткары ишканада профсоюз уюму тїзїлгєн. Анын эсебинен кызыктыруучу ар кандай маданий, спорттук иш-чараларды єткєрїп турабыз.
- Коўшу мамлекеттерге салыштырмалуу ишкерликти жїргїзїїдє бизде нормативдик, укуктук жактан эў жакшы шарттар бар. Бул жагынан эч кандай нааразы боло албайбыз. Бирок бизде инвестиция тартуу маселеси кєп айтылат.
Мисалы сырттан товар же сырьену алып келе турган болсок, ошол эле Кытайдан, Турциядан, Єзбекстандан бизге пошлина тєлєнбєйт. Андан сырткары бул жактан чыгарган товарларыбызды экспортко кетире турган болсок, НДС салыгын дагы тєлєбєйбїз. Ушул сыяктуу жеўилдиктерибиз бар.
Бир нече жолу кат менен да кайрылдым. Тилекке каршы карап жатабыз дегенден ары иш жылган жок. Мисалы жогоруда айткандай Токмоктогу ишкана ишке кире турган болсо, биз Єзбекстан, Турция менен буга чейинки алакабызды токтотуп, аларга тєлєп жаткан акчаны бул жака калтырып, ички жїгїртїїгє пайдаланалы десек, биз НДС тєлєйт экенбиз.
Мен Кыргызстандан алгандан кєрє Турциядан, Єзбекстандан ала бергеним оў болуп жатат. Ал эми ал жакка оўой эмес каражат кетип жатат. Депутаттарга да кайрылып жатабыз. Ушул норманы карап, бизге ылайыкташтырып, єзгєртїп берсе, ишкерлерге да жеўил болмок, мамлекетке да пайда болмок. Мындан сырткары соцфондго 27 пайыз салык тєлєнєт.
Мамлекет ошол соцфондго тєлєй турган тєлємдєргє жеўилдиктерди киргизип берсе, канчалаган акча мамлекеттин казынасына тїшєт эле. Мына ушундай маселер бар. Ушул нерселер чечилсе биринчиден, кызматкерлерге жеўилдиктер болмок, экинчиден мамлекетке пайда тїшмєк.
Жазнура ТОКТОБОЛОТОВА