Суроо жооп маалында «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКсы куруп жаткан үйлөрдүн метр квадратынын баасы сынга алынды.
КР «Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК)» төрагасы Бактыбек Шамкеев борбор калаада ички жасалгасы жок үйлөр эле 600 доллардын тегеретесинде курулаарын, күч түзүмдөрүнө панел үйлөр курулуп жатканын, Нарындагы үйлөр жер титирөөгө туруштук бере турган үйлөр экенин билдирди.
Фракция депутаттары Б.Шамкеевдин жообуна канааттанбай, МИК тарабынан курулуп жаткан үйлөрдүн баасынын коюлушунда маселе бар экенин айтып чыгышты.