Жогорку Кеӊештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети “Чыгыш электр” ачык акционердик коомун реабилитациялоо долбоору боюнча насыялык жана гранттык макулдашуулар боюнча ратификациялык мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды.
Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Азамат Оморовдун айтымында, ушу тапта өлкө аймагы боюнча 205 миӊ «акылдуу» электр эсептегич орнотулду же кардарлардын 15 пайызы камсыз болгон. «Биз Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Атайын фондунан алына турган кезектеги гранттык каражатка да «акылдуу» эсептегичтер сатылып алынмакчы», — деди ал.
Андан тышкары, ушу тапта «Ош электр» жана «Жалал-Абад электр» ишканаларына да инвестиция тартуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы белгилүү болду. Баяндамачы мындай чаралар электр энергиясынын техникалык жоготууларын кыйла кыскарта турганын айтты. Ал ага Бишкек шаарынын айрым жерлериндеги 18 пайыздык жогортуулар «акылдуу эсептегичтерди» орноткондон кийин 10 пайызга чейин кыскарганын мисал тартты.
Белгилей кетсек, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы «Чыгыш электр» ишканасына 15 жылдык мөөнөт менен 4 млн евро көлөмүндө жеӊилдетилген насыя жана 2 млн евро өлчөмүндө грант бөлүүдө. Насыяны төлөөнүн жеӊилдетилген мөөнөтү – 3 жыл.