• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Чубак Оморов: Быйыл биринчи жолу туризмден түшкөн акча 5.5% болду

7-str

👁 2,456

Кыш келээри менен жалпыбыз тоого лыжа, сноуборддорду тебүү үчүн жөнөйбүз. Бир гана Кыргызстандыктар эмес, чет элдиктер да биздин жаратылышыбызга суктанып, кышкы эс алуучу базаларыбызды жактырып экстремалдуу эс алууга келип жатышкандары арбын.

Быйыл сезон кандай башталды, каражат жагы кандай болуп жатат? Ушул суроолор менен туризм департаментинин директорунун орун басары Чубак Оморовго кайрылдык.

–Быйылкы кышкы туризм сезону кандай башталды?

–Кышкы туризм кыш башталаарда аба ырайы бираз жылуу болгонуна байланыштуу кечирээк башталды. 30-декабрда официалдуу түрдө Чункурчак базасында премьер министр С.Исаковдун катышуусу менен ачылышын жасадык. Жаӊы жыл алдында кар жаады, сезон жакшы болуп жатат. Бардык базалар штаттык түрдө иштеп жатат. Кыргызстан боюнча 23 тоо лыжа базасы бар. Анын 15и иштейт. Буюрса, 3-февралда «Зил» базасында «Кыргызстан Тоо лыжанын жана кышкы эс алуунун өлкөсү» деген аталышындагы кышкы туризм фестивалын өткөрөбүз. Бул аябай чоӊ фестиваль, өкмөт мүчөлөрүн, чет элдик туристтерди чакырдык. Бул фестивалды туризм департаменти өкмөттүн алдындагы бизнес жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча кеӊеш, эл аралык уюмдар, ЖИА, Jica, Бишкек ишкерлер клубу, эл аралык ишкерлер ассоциациясы биригип өткөрүүдөбүз. Лыжа базаларына эӊ көп кыргыз жарандары барат. Андан сырткары Орусия, Казакстан, Өзбекстандан туристтер келип жатышат. Быйылкы кышкы туризмдин өзгөчөлүгү бул Өзбекстандан келген туристтер көп болуп жатат. Бул көрүнүш эки мамлекет ортосундагы алакалардын жакшыргандыгын айгинелөөдө. Андан сырткары Эйр-Манас аркылуу Бишкек-Ташкент болуп эки авиалиния ачылган. Биз дагы Ташкенттеги жарманкелерге катышып туристтерди чакырганбыз. Туризмди мындан ары да өнүктүрүү боюнча Өзбекстан менен бир канча келишимдерди түзүп, алардын үстүнөн иштеп жатабыз. Келишимдин ичиндеги жоболордун бирөөсү бул өзбек туристтерди тартуу болгон. Негизинен кышкы туризм жайкы туризмге караганда узунураак жана кымбатыраак болот. Ноябрда башталып март айынын аягына чейин уланат. 3–4 база бар алар жасалма карды да кээде колдонушат. Кымбат болгону менен сапаттуу туризм десек болот. Салык аркылуу да мамлекетке көп киреше түшөт. Жылдан жылга базалар тейлөө иштерин, жолдорун жакшыртып келишүүдө. Департамент тарабынан кышкы туристтик сезонду даярдоо жана өткөрүү боюнча иш чаралардын планы түзүлгөн. Ал план кышкы туризмди өнүктүрүү боюнча ведомстволор аларык комиссиянын чечими менен кабыл алынган.

–Кышкы туризмге мамлекет тарабынан канча каражат бөлүнгөн?

–Өкмөт тарабынан атайын кышкы сезонго деп каражат бөлүнбөйт. Жыл башында 7 млн акча жалпы туризмге деп бөлүнөт. Андан сырткары биз өзүбүз демөөрчүлөрдү таап, алардын жардамы менен жарманке жана башкаларды өткөрүп турабыз. Быйыл туризмден түшкөн акча биринчи жолу 5.5% болду. Бул жылда туризмдин ички дүӊ продукцияга кошкон салымы. 2017-жылы тогуз айдын жыйынтыгы менен 18 млрд 2 млн 787миӊ сом акча түштү. Бул акчаны 2016-жылдын тогуз айына салыштырганыбызда 3 млрд акчага көп болду.

–Кыргызстандын жалпы лыжа базалары туурасында айта кетсеӊиз?

–Бизде жакшы базалар бар. Каракол, Чункурчак, Нооруз сыяктуу. Булар өнүгүп жатышат. Башка базалар туурасында айта кетсем, тоо лыжа класстери деген бар. Бул Ысык Көлдө дагы бир класстер менен биригип, бир лыжа базасы курулат. Алардын долбоорлору бар, инвесторлорду гана издеп жатабыз. Тапсак курулуп баштайт. Андан сырткары өлкөнүн түштүк жагында жана Талас облусунда базалар жок. Ош облусунун Алай районундагы Чыйырчык деген жерди база деп коюшат, бирок ал жерде лыжа жана сноуборддор жок. Элдер жөн эле баллондор менен муз тебишет. Жалал-Абадда дагы Сузакта бар дешет, бирок ал жак да толук кандуу эмес. Нарында бирөө бар, ал да жакшы эмес. Азырынча Ысык-Көл менен Чүй облустарында гана бар. Бизде региондордо лыжа базаларды ачуу боюнча пландарыбыз бар жана ушул боюнча иштешибиз керек. Бирок бул жерде жергиликтүү бийликтин ролу чоӊ. Алар инвестор издеп, лыжа базасы салына турган жерлерди карап, долбоорлорду түзүш керек. Себеби бул аябагандай кымбат нерсе, инвестицияны көп талап кылат. Бул багытта биз тыгыз иштешибиз керек, себеби өлкөнүн 90%нан көбү тоолор. Көптөгөн базаларды салсак болот. Кошуна ысык өлкөлөрдөн Индия, Пакистан, Өзбекстан,Таджикистандан туристтерди тартышыбыз керек. Себеп Индия менен азыр түз авиа каттамдарыбыз бар, ал жактан туристтерибиз да көп келип жатышат.

–Лыжа базаларында туристер үчүн шарттар кандай?

–Лыжа базалардын баардыгы жеке менчик. Мамлекеттики жок. Ошондуктан өкмөт базалардын жалпы иштерине, бааларына, тейлөөлөрүнө да кирише албайт. Биздин милдет туристтерди чет элден көп тартканга аракет кылуу. Жалпысынан мамлекеттик көзөмөл кылып, мамлекеттик саясатты жүргүзөбүз. Бул көбүнчө укуктук мыйзам ченемдүүлүктөр. Мисалы бүгүнкү күндө Орто Азияда эӊ жакшы деген базалар Кыргызстанда бар. Бул өзүбүзгө белгилүү Каракол, Зил, Чункурчак, Кашка Суу базалары. Булар кымбаты, бирок арзаныраактары дагы бар. Жалысынан лыжа базаларда 500‑1200 сом болот. Орто эсеп менен 2000 сомдон 3000 сомго чейин бир күндө бир кишиге кетет.

–Базалардагы коопсуздук жагы жакшы каралганбы?

–Өз алдынча келген туристтер Бишкектин четиндеги тоолорго, дөӊдөргө барып балондор менен муз тебишип, кээ бири жаракат алып калган учурлары кездешет. Бирок тиешелүү коопсуздуктар каралган. Тез жардам пунктары, куткаруучу кызматтар бар.

–Былтыркы сезонго салыштырмалуу быйылкы сезондо кандай жылыштар бар?

–Быйыл деӊгээл өскөн боюнча базалардын базалык жагы жакшырды. Тейлөө көрсөтүү жагы да купулга толот. Кошумча кафе, мейманканалар салынып, техникалар жаӊыртылды. Жылдан жылга инвестиция кылышып жакшырып баратат. Бир гана кемчилик быйыл аба ырайы анча жакшы болбой жатат. Мисалы, азыркы учурда Каракол базасында кар аз, бирок суук болуп жатат. Бул өз кезегинде кышкы сезонго терс таасирин тийгизип жатат.

–База жетекчилери менен мамилеӊиздер кандай?

–Базалардын жетекчилери менен биз тыгыз иштешип турабыз. Көйгөйлөр болсо чогуу чечип, сунуштарды да чогуу талкуулайбыз. Аларда көбүнчө жергиликтүү элдер менен жайыт талашуу маселесинде пикир келишпестиктери пайда болуп калат. Себеп дегенде база салынган жерди эл жайыт катары колдонуп калышы мүмкүн.

Айзада Кыдырмышева

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости