Ошентип парламент Өкмөткө Жогорку Нарын ГЭСинин эл ралык стандарттарга ылайык курулганын изилдеш үчүн эл аралык аудиторлорду чакыруу тапшырмасын берди.
Дагы бир пункт бул “Русгидронун” үлүшүн “Жогорку Нарын ГЭС” ЖЧКсынын уставдык капиталын “Электрические сети” ААКсынын балансына өткөрүп берүү.
Башкы прокуратуранын өкүлдөрү эл аралык аудиттен соң 37 млн доллардын колдонулушу боюнча укуктук баа берүүлөрү керек.
Эл аралык аудитордун жана эсеп палатасынын берген баасы кандай болгон күндө дагы каражаттын туура эмес пайдаланылганы көрүнүп эле турат. Гидроэлектростанциянын объекттери колдонууга бериле элек.
Укуктук баа куруучулардын таза эмес иштегенин дагы бир жолу далилдейт.
Суроо башкада: ким жана качан акчаларды берет жана станция ишке киреби?