Ал 2017-жылы айыл-чарбаны өнүктүрүү үчүн өкмөт 700 млн сом бөлгөнү жатканын билдирди. Бул каражаттын 350 млн сому мал чарбасын жана өсүмдүктөрдү өстүрүү үчүн бөлүнсө, 350 млн сом айыл-чарба тармагында кайра иштетүү багытына жумшалат экен.
Экономика министрлиги экспортко багыт алган ишкерлерге субсидия берүүдөгү проценттик ставка боюнча маселени көтөрдү. 300 чакан жана ири ишкерлерге субсидия берүү критерийлер боюнча каралат. Бул субсидиялар жеңил өнөр-жай тармагын өнүктүрүүгө берилиши толук ыктымал.
“Башка өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстанда ишкердикти өнүктүрүү үчүн мыйзамдар либералдуу болуп саналат жана өнүгүүгө жакшы шарттар түзүлгөн”,-деди Кожошев.
Бирок чечиле турчу көйгөйлөр бар – бул ишкерлердин негизги бөлүгү туш болуп жаткан кошумча нарк салыгына байланышкан маселелер.
Белгилей кетсек, Салык кодексине 200дөн ашуун өзгөртүү киргизилген. Анын баары Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсүнө байланышкан. 7 жыл ичинде салык кодексине 90го жакын өзгөртүү киргизилген.
Кошумча нарк салыгы боюнча дагы өзгөртүүлөр бар, 2016-жылдын 1-январынан тарта кошумча нарк салыгы боюнча каттоо чеги 4 млн сомдон 8 млн сомго көбөйгөн.
Мамлекет ишкердик тармагына көңүл бура баштаганы сүйүнтөт. Эми чакан жана ири ишкерлер өз ишин өнүктүрүү үчүн план түзө беришсе болот.