Биздин газета тарабынан сурамжыланган эксперттер бул ирет деле компанияны сатып алуучу кардар чыга коёруна ишенбей тургандыктарын билдиришти. Анын себеби катары шайлоо алдындагы окуялар аталды ( “Мегакомду” Бакиев кантип “муунтуп”, андан соң 2010-жылы Eventisтен инвесторлор өздөрүнүн укугун калыбына келтирүүгө аракет кылышкандыгын баардыгы билишет), ошондуктан азырынча компаниянын жаңы ээси кайсы президент менен мамиле түзүүгө туура келери белгисиз. Дагы бир шек санай турган жагдайдын себеби – компаниянын тегерегиндеги токтобой жаткан ызы-чуулар. Акча тынчтыкты сүйөт, ал эми чоң акчалар – андан бетер.
Башка жагынан алып караганда, «Мегаком» – жыл сайын чоң дивиденддерди алып келген күчтүү компания. Андыктан биз жакында баардыгыбыз жакшы көргөн уюлдук оператор бюджетти өтө керектүү 14 миллиардга толтуруп, менчиктештирүү болгон же болбогондугун билебиз.