“Өнүгүү-Прогресс” партиясынын өкүлү Абдыкапар Султанов өтө ийкемдүү экен жана анын “Тегене” компаниясы 2016-жылы 137 млн 470 миң сомдук 46,6 миң тонна көмүр жеткирүүгө ири тендерди утуп алат. бул тууралуу маалыматты мамлекеттик сатып алуулардын порталынан тапса болот.
Мындан тышкары бул ЖЧКга көмүр жеткирүү боюнча эч ким буюртма бербегендиги белгилүү болгондугу өтө шектенүүнү жаратат. Демек, бул тендердин шарты алдын ала түзүлүп, ага бир гана жеткирүүчү болору такталган.
Кандай болгон учурда да “Өнүгүү-Прогресс” партиясына азыр акча аябай керек: ал жергиликтүү кеңештерге боло турган 11-декабрдагы шайлоого үгүт өнөктүгүн жүргүзүп жатпайбы.
КРнын Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, “Тегене” ЖЧК 1998-жылы 16-июлда кайрадан каттоодон өткөн. Жетекчи катары Султанов Абдыкапар Маданбекович, кожоюну (катышуучу) деп Арыков Таалайбек Тойчиевич көрсөтүлгөн.