• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Алмазбек Эргешов кытай инвесторлору менен эки тараптуу экономикалык алакаларды арттыруу жаатында пикир алышты

33

👁 1,047

Жогорку Кеӊештин депутаты Алмазбек Эргешов 23-мартта Кытай Эл Республикасынын Чун-Чин шаарынан келген «Жуан» компаниясынын инвесторлор тобу менен жолугушуп, эки тараптуу экономикалык алакаларды арттыруу менен, Кыргызстандын экономикасына инвестиция тартуу жаатында пикир алышты.
Депутаттын айтымында, кытайлык инвесторлор менен кызматташтык мамилелер жандуу өнүгүп, алардын жардамы менен өлкө аймагында көптөгөн ири долбоорлор ишке ашырылууда. «Биз эл аралык каржы уюмдары менен катар, кытай ишкерлери менен да ар тараптуу кызматташууга даярбыз. Анткени, өлкө аймагындагы ички инфратүзүмдөрдү жакшыртуу боюнча ишке ашырыла турган көптөгөн кызыктуу долбоорлор бар», — дейт Алмазбек Эргешов.

Ал эми «Жуан» компаниясынын аткаруучу директору Чин Вей өзү жетектеген компания мурда мамлекеттик ишкана катары түзүлүп, кийин 1997-жылдан тарта жеке менчикке чыгарылганын, азыркы учурда ал эӊ жогорку категориядагы курулуш дизайны боюнча ири компания болуп санала турганын белгиледи.

«Биз азырынча Кыргызстандагы курулуш долбоорлору менен таанышып жатабыз. Мисалы, аэробекеттерди куралы деген оюбуз бар. Кыскасы, азыр биз кызыктуу долбоорлор таанышуу деӊгээлиндебиз», — дейт ал.
Депутат Алмазбек Эргешов Ош шаарынын жаӊы аэробекетин куруу боюнча даяр долбоор бар экенин, аны каржылоо боюнча Азия өнүктүрүү банкы менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын, бирок азырынча бир чечимге келише электигин эске салып, ага «Жуан» компаниясынын инвестор катары же куруучу катары катыша алар-албасына кызыкты. Чин Вей айым компания долбоорго катышып калса, курулуштун алгачкы этабында 250 млн долларга чейин инвестиция салууга кудурети жетерин билдирди.
Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости